Мазмунга өтүү

Видугирис Альгимантас Стасевич

Википедия дан
Альгимантас Видугирис
Algimantas Vidugiris
Туулган датасы:

1936-жылы Кулжа айынын 21и

Туулган жери:

Каунас, Литва

Өлгөн датасы:

2010-жылы Кулжа айынын 10у (74 жаш)

Өлгөн жери:

Бишкек, Кыргызстан

Жарандыгы:

 ССРС
 Кыргызстан
Литва

Кесиби:

кинорежиссер, сценарист

Карьерасы:

1962-2010

Багыты:

Социалисттик Реализм

Сыйлыктары:
IMDb:

ID 0896565

Альгимантас Станиславас (Стасевич) Видуги́рис - (лит. Algimantas Vidugiris; 1936—2010) — совет жана кыргыз кинодраматургу, кинорежиссёру жана кинооператору, публицист, окумуштуу, академик. Улуту боюнча литовдик. Кыргыз ССРнин эл артисти (1982).


Өмүр таржымалы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1936-жылдын Кулжанын 21инде Родился 21 июня 1936 года в Каунасе в семье землемера Стасиса Видугирис (Stasys Vidugiris) жана Геновайте Видугирененин (Genovaite Vidugirene) үй-үлөсүндө Каунаста туулган. Литванын Укмерг шаарчасында өскөн.

1962 жылы ВГИК операторлор факультетин аяктаган (Л. В. Косматовчеберканасы).

1962 жылыу «Кыргызфильм» киностудясында курсташы И. Моргачев менен бирге тарткан «Обращенные к солнцу» документалдуу тасмасы менен өзүн тааныткан.

1968 жылы кностудияга көптөгөн сыйлыктарды алып келген «Замки на песке» кыскаметраждуу тасмасы чыгат.

В 1969—1970 жылдары өз акчасына «коммунизмдин курууларынын» натыйжасынын экологиялык көйгөйлөрүн чагылдырган «Через сто лет потомки скажут…» аттуу эскертүү-тасмасын тартат. Тасмага тыюу салынып, бардык эмгектер жок кылынган.

СССР кулаган соң кыргыз киносу аксап баштайт. Ошол учурда Видугирис Евразия элдеринин этнографиясын изилдеп,эки томдуу «Химеристика, логико-рационалистическое конструирование и мифическое создание художественных образов» аттуу илимий эмгегин жарыкка чыгарат.

30-жылдан ашык анын тасмалары бүткүл орусиялык кинематография институттунун окуу программасына кирет. Режиссура боюнча экзамендик суроолордун бири «А. Видугиристин чыгармачылыгынын өзгөчөлүгү» деп аталат.

Анын эмгектери Москвада В. Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик Университетинин «Журналистика» факультетинин, Сценаристтердин жана режиссерлордун жогорку курстарынын жана Польша, Литвадагы бир нече киномектептеринин жана факультеттердин окуу программасына кирет.

Москвада, Будапештте, Алма-Атыда, Вильнюсте ар жылдары студенттерге лекция окуган, Берлин, Вильнюс, Дамас, Каир, Калькутта көрүүчүлөр менен жолугушууларды өткөрүп келген. А.Видугиристин бардык негизги тасмалары Литванын телеканалдарында берилген.

Видугирис көп жылдар бою Евразя элдеринин этнографиясын изилдөөлөрүн жүргүзөт. 1988-1992 жылдары СССР борбордук телевидениясындагы (учурдагы Орусиянын биринчи каналы) «Забытые боги Евразии» аттуу илимий телефильминин циклинин авторлорунун бири.

Чыгармачылыктын псилогиясынын эки томдуу изилдөөлөрүнүн автору. 2007-жылы Казакстандагы Искусство Академиясында, Москвадагы В. Ломоносов атындагы ММУда жана БМКИде, Вильнюстагы Музыка Академиясында «Конструирование мифопоэтического образа» аттуу изилдөөлөрүнүн лекциялары окулган.

«Химеристика, логико-рационалистическое конструирование и мифическое создание художественных образов», «Гибель Прометея» илимий эмгектердин автору.

1996—2000 жылдары Кыргызстандын кинематографисттердин биримдигинин Секретары.

Улуттук киноискусства академиясынын Академиги, Президиумдун мүчөсү.


«Тэффи» ыйгаруу Америкалык телевизиондук Академиясынын жюри мүчөсү (2004);«Шакен жылдыздары» кинофестивалинин жюри мүчөсү (Алма-Аты 2004); «Киношок» кинофестивалинин жюри мүчөсү (Анапа 2009).

Альгимантас Видугиристун кызы — Айгуль Сартбаева жана баласы Стасис Видугирис бар.

Фильмография

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Заводские встречи» (документтүү фильм, оператор, 1962, Орто Азия өлкөлөрүнүн жана Казакстан фестивалынын диплому, Ашхабат шаары, 1964 ж.)
  • «Обращенные к солнцу» (1963, документтүү фильм, сценарист-режиссёр-оператор, И. Моргачев менен бирге, Ашгабаддагы дебют үчүн диплому-1964)
  • «Три ответа горам» (документтүү фильм, оператор, 1963, Ленинград шаарындагы I бүткүл союздук фестивалдын диплому, 1964 г., Орто Азия өлкөлөрүнүн жана Казакстан I фестивалынын мыкты документүү фильм үчүн диплому, Ашхабад шаары 1964 г.)
  • «В большой семье» (документтүү фильм, оператор, 1963)
  • «ПСП» («Поисково-съемочная партия»)(документтүү фильм, сценарий автору, режиссёр, оператор , 1965, Орто Азия өлкөлөрүнүн жана Казакстан V фестивалынын мыкты автордук эмгек үчүн диплому, Ашхабад шаары, 1966 ж.)
  • «Перекрытие» (документтүү фильм, сценарий автору, режиссёр, оператор 1966 ж., Орто Азия өлкөлөрүнүн жана Казакстан фестивалынын диплому, Душанбе, 1966 ж.)
  • «Дороги Киргизии» (документтүү фильм, сценарист, режиссёр, 1967, Орто Азия өлкөлөрүнүн жана Казакстан VI фестивалынын мыкты илимий-популярдуу фильм үчүн диплому, Душанбе, 1966 ж.)
  • «Замки на песке» сценарий автору, режиссёр, оператор (документтүү фильм, 1968, Орто Азия өлкөлөрүнүн жана Казакстан VII кинофестивалында I даражадагы диплому, Фрунзе 1968 ж, сыйлыктардын рекорддуу саны: аймактык сыйлыктардан сырткары, Краков МКФнын «Золотой дракон Вавеля» чоң сыйлыгы 1969-ж., СИДЛАК жюрисинин «Серебряная медаль» премиясы-1969, Тегерандагы 3 МКФнын жюрисинин «Золотая статуэтка» атайы сыйлыгы-1968, Тампердеги МКФ кыскаметраждуу фильмдердин чоң сыйлыгы (Финляндия)-1970, Сиднейдеги МКФ диплому (Австралия) — 1970)
  • «Вахта» (1969, режиссёр, Орто Азия өлкөлөрүнүн жана Казакстан кинофестивалында мыкты кыскаметраждуу документүү тасма үчүн «Тулпар» диплом жана сыйлыгы, Алма-аты-1969)
  • «Последний день недели» (кыска метраждуу көркөм тасма, режиссёр-коюуучу, оператор-коюуучу)
  • «Это не беда» (кыска метраждуу көркөм тасма, режиссёр, 1970, Краводогу XI МКФнын диплому-1972)
  • «Нарынский дневник» (1971, сценарий автору, режиссёр-оператор, Тбилисидеги V ВКФдагы мыкты документүү фильм үчүн премиясы жана сыйлыгы-1972, Греноблдеги III МКФнын гран-приси-1974, Горькийдеги ВКФнын мыкты оператордук эмгек үчүн сыйлыгы, 1972 ж.)
  • «Очкарик» (көркөм телефильм, сценарий автору, режиссёр-коюуучу, 1973, Ташкенттеги телефильмдердин V ВКФсындагы жюринин диплому-1973, Ленин атындагы бүткүл союздук пионердик уюмдун Борбордук советинин мыкты балдар тасмасы үчүн «Алая гвоздика» сыйлыгы жана мактоо баракчасы,1975 ж.) СССР радиосунун жана телевидениясынын Мамлекеттик Комитети тарабынан «Очкарик» тасмасы эң көп көрүүчү чогулткан жана 43 мамлекет тарбынан сатып алынган тасма катары белгиленген.
  • «Токтогульское море — день первый» (документтүү фильм, режиссёр-оператор, 1973)
  • «Сказ о Человеке, Колесе и Чинаре» (көркөм тасма, сценарий автору, режиссёр-коюуучу, оператор-коюуучу, 1975)
  • «В год неспокойного солнца» (документүү фильм, сценарий автору, режиссёр-оператор, 1977, «Серебряный голубь» Лейпцигдеги XX МКФнын «Серебряный голубь» 1977 ж.)
  • «Репортаж о легенде» (көркөм-дкуметтүү толукметраждуу теле-фильм, сценарий автору, режиссёр-оператор, 1977)
  • «Мужчины без женщин» (көркөм тасма, режиссёр-коюуучу, тоолуу жана трюктук тартуу учурларынын оператору 1981)
  • «Ритмы Курпсая» (документтүү фильм, сценарий автору, оператор, 1983)
  • «Катастрофу не разрешаю» (көркөм тасма, режиссёр-коюуучу, 1986)
  • «И снова полет» (хроникальдык-документальдык фильм, сценарий автору, режиссёр, Приз за лучшую операторскую работу 1987 ж.)
  • «Взрыв»(хроникальдык-документальдык фильм, сценарий автору, режиссёр, «Фильм года» 1987 ж.)
  • «Тайна затонувшего города» (хроникальдык-документальдык фильм, сценарий автору, режиссёр, Кырг ССРнин СК сыйлыгы, мыкты режиссура үчүн 1988 ж.)
  • Бугу-эне» (илимий-документтүү фильм, режиссёр коюуучу, 2008 — а. у.)

Режиссёрдук эмгектер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • 1985 — Катастрофу не разрешаю
  • 1981 — Мужчины без женщин
  • 1974 — Сказка о человеке, колесе и чинаре (кыскаметраждуу)
  • 1972 — Очкарик
  • 1969 — Это не беда (кыскаметраждуу)
  • 1967 — Замки на песке (документтүү)
  • 1965 — ПСП (документтүү)

Сценарий автору

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • 1985 — Катастрофу не разрешаю
  • 1981 — Мужчины без женщин
  • 1974 — Сказка о человеке, колесе и чинаре (кыскаметраждуу)
  • 1972 — Очкарик

Оператордук эмгектери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • 1974 «Сказка о человеке, колесе и чинаре» (кыскаметраждуу)
  • 1967 «Замки на песке» (документтүү)

Сыйлыктары жана наамдары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз ССР ЖКнын мактоо баракчасы (1968)
  • Киноускуствого салган эмгеги үчүн Эл аралык кинокритиктердин ассоциациясынын медали (1968)
  • Кыргыз ССРинин эмгек сиңиген артисти (1974).
  • Кыргыз ССР Ленин комсомолунун премиясы(1977) — «В год неспокойного солнца» документүү тасмасы үчүн
  • Кыргыз ССРинин эл артисти (1982)
  • «Данк» медалы (2006)
  • № 1 ардактуу куруучусу — Токтогул ГЭСинин.
  • Кара-Көл шаарынын кадырдуу жараны