Викрамасингхе Сугисвара Абейвардена
Көрүнүш
Викрамасингхе Сугисвара Абейвардена (13. 4. 1901-ж. т.) — эл аралык жанa шриланкалык (цейлондук) жумушчу кыймылынын ишмери.
- Кесиби — врач. 1920-жылдан Шри-Ланка (Цейлон) улуттук-бошт. кыймылына катышкан.
- «Ланка Сама самаж» улуттук партиясын уюштургандардан. 1936—38-ж. Англияда жашап, Улуу Британия компартиясына мүчө болгон.
- 1938-ж. Цейлонго келип, 1943-ж. Цейлон компартиясын түзүүгө катышып, 1950-жылга чейин анын ВКсынын председатели, 1950—55-ж. Цейлон компартиясынын Ген. секретары, 1955- жылдан председатели 1945—50-ж.
- Цейлон профсоюздар федерациясынын пред- ли, 1943—53-ж. Профсоюздардып бүткүл дүйн. федерациясынын аткомуна мүчө.
- 1960 жанa 1969-ж, Коммунисттик жанa жумушчу партиялардын кеңешмелеринде Цейлон компартиясынын делегациясына башчылык кылган.
- Шри-Ланка жанa СССР элдеринин ортосундагы достукту, кызматташтыкты өркүндөтүүгө жанa чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Эл Достугу ордени менен сыйланган (1976).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.