Виктор Бойков

Википедия дан

Бойков Виктор Дмитриевич (1939-ж. т., Токмок ш.) — партиялык жана мамлекеттик ишмер.

1962-ж. Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүргөн.
1962-жылдан Чүй районундагы «Он бир жылга» колхозунда, «Кыргыз айыл чарба техника» бирикмесинде агроном, бөлүмдүн начальниги, 1969—73-ж. Кыргыз ССР элдик көзөмөлдөө комитетинде инспектор, айыл чарба жана суу чарба бөлүмүнүн башчысына орун басар, 1973—77-ж. Кыргызстан КП БКнын партиялык иштерди уюштуруу бөлүмүндө инспектор.
1977—80-ж. Ленинполь (азыркы Бакай-Ата) райондук партия комитетинин 1-катчысы, 1980—85-ж. партиянын Талас облустук комитетинин 2-катчысы.
1985—88-ж. Талас облустук эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы.
1988—91-ж. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик агро-өнөр жай, айыл чарба жана азык-түлүк комитетинин төрагасынын орун басары.
1991-жылдан «Манас ата» эл аралык коомунда биргелешкен ишкананын башкармасынын төрагасы.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (1980—90). Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.