Винилацетилен

Википедия дан

Винилацетилен, бутенин, НС = С — СН = СН2 — көмүртектин атомдорунун ортосунда кош жана үч ирет балланыштары бар эң жөнөкөй органикалык бирикме.

Түссүз газ, кайноо 15.5°С. Хим. касиеттери молекуласындагы кош жана үч байланыштарга негизделген. Катализатордун жардамы менен суутекти киргизүү шартына жа­раша Винилацетилен бутанды, бутиленди же бутадиенди пайда кылат. Винилацетилен өнөр жайда ацетиленди (жез туздарынын катышуусу менен) хлордуу аммонийдин эритмесинде (50—100°С) конденсациялап алынат. Винилацетиленге НС1 ду кошуу менен синтет. каучуктун мономери болгон хлорпренди СН2 = СС1—СН = СН2 алуу реакциясынын чоң мааниси бар.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.