Виннетка-план

Википедия дан

Виннетка-план – окутууну жекелештирүүнүн (индивидуалдаштыруунун) бир формасы.

20-кылымдын 20-жылдары АКШнын Виннетка деген шаарында иштелип чыккан. Виннетка-планга ылайык окуу иши ар бир окуучунун өзүнүн окуп-үйрөнүү арымына жараша жекече окуу планы б-ча уюштурулат. Ал үчүн өтө майдаланып иштелип басмадан чыккан «жумушчу материалдары» колдонулат. Ошондой эле Виннетка-план жекелештирип уюштуруу сабактары м-н катар коллективдүү окуу иштеринде (оюн, талкуу, ар кыл кружоктор ж. б.), тарбиялык иштерде да көп практикаланат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6