Виола Дэвис

Википедия дан

Виола Дэвис (англ. Viola Davis; 1965-жылы 11-август) – америкалык актриса жана продюсер. Дэвис "Оскар" сыйлыгынын үч номинациясына талапкерлиги коюлуп, бирөөнү уткан жана "Эмми", "Оскар", "Тони" сыйлыктарына татыган жалгыз афро-америкалык актриса. 2012чи жана 2017-жылы актриса Time журналдын "Дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 инсан" тизмесине кирген.

1993-жылы Жүльярд мектебин бүтүргөн соң, Дэвис актердук мансабын баштап 1999-жылы "Баарына керектүү Руби" (англ. Everybody's Ruby) пьесада аткарган ролу үчүн Obie Award сыйлыгына татыган. 1990-жылдардын аягында, 2000-жылдардын башында Дэвис бир канча тасмаларда жана телесериалдарда экинчи пландагы кичи ролдорду аткарган, алардын ичинде: "Кейт жана Леопольд" (англ. Kate & Leopold, 2001) жана "Бейиштен алыс" (англ. Far from Heaven, 2002) тасмалар, "Мыйзам жана тартип: Атайын корпус" (англ. Law & Order: Special Victims Unit) телесериалы. 2001-жылы Дэвис Огаст Уилсондун "Король Хедли II" (англ. King Hedley II) пьесасында Тонянын ролун аткарганы үчүн "Тони" сыйлыгынын "Пьесада роль аткарган эң мыкты актриса" номинациясына ээ болгон. 2008-жылы Дэвис "Шек" (англ. Doubt) драма жанрындагы тасмада аткарган экинчи пландагы ролу менен өзүнө киносынчылардын көңүлүлүн буруп бир канча номинацияларга татыган, алардын ичинде: "Алтын глобус ", SAG жана "Оскар" сыйлыгынын "Экинчи пландагы эң мыкты актриса". 2010-жылы Дэвиске чоң ийгилик келген. 2010-жылы актриса Огаст Уилсондун "Тосмолор" (англ. Fences) пьесасында Роуз Макссондун ролун аткарганы үчүн "Тони" сыйлыгынын "Пьесада роль аткарган эң мыкты актриса" номинациясына татыган. "Жардам" (англ. The Help, 2011) күлкүлүү окуялуу драмада 1960-жылдары үй кызматчы аял болуп иштеген Эйбилин Кларктын ролун аткарганы үчүн актриса "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты актриса" номинациясына талапкер болгон жана SAG сыйлыгына татыган.

2014-жылдан тартып Дэвис ABC каналынын "Кылмыш кылып жазадан кутулуу мүмкүнчүлүктөрү" (англ. How to Get Away with Murder) телевизиондук драмасында адвокат Аннализ Китингтин ролун аткарып 2015-жылы прайм-тайм "Эмми" сыйлыгынын "Драма сериалында роль аткарган көрүнүктүү башкы ролдогу актриса" номинациясына татыган биринчи афро-америкалык актриса болгон. Бул роль үчүн актриса 2015чи жана 2016-жылы SAG сыйлыгына татыган. 2016-жылы актриса "Жан кечтилер тобу" (англ. Suicide Squad) тасмада Аманда Уоллердин ролун аткарган жана "Тосмолор" тасма адаптациясында Роуз Макссондун ролун аткарып "Оскар", BAFTA, Critics' Choice Award, SAG жана "Алтын глобус " сыйлыктардын "Экинчи пландагы эң мыкты актриса" номинацияларына татыган. Дэвис күйөөсү Жүлиус Теннон менен бирге JuVee Productions компаниясынын негиздөөчүлөрү. Актриса компаниясынын "Лила менен Ева" (англ. Lila & Eve, 2015) жана "Камкордук" (англ. Custody, 2016) тасмаларында тартылган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]