Вирусология

Википедия дан

Вирусология (латынча virus уу жана ...логия) – вирустар жана вирус оорулары жөнүндөгү илим. Вирусология 19-кылымдын аягында микробиологиядан өзүнчө илим катары бөлүнүп чыккан. Вирус оорулары өсүмдүк, жаныбар жана кишиде кеңири таралгандыктан, Вирусология медицина жана биология илимдеринде маанилүү орунду ээлейт. Ал жалпы, медициналык, ветер., өсүмдүк жана жаныбарлардын Вирусологиясы жана молекулалык биология болуп бөлүнөт. Жалпы Вирусология вирустардын табиятын, молекулалык түзүлүшүн, тиричилигин, көбөйүшүн, таралуусун, биохимиялык касиеттерин, генетикасын, кишиге, айбанат жана өсүмдүк дүйнөсүнө тийгизген зыянын, пайдасын ж. б. изилдейт. Медициналык Вирусология оору козгоочу вирустарды, алар пайда кылган оорулардын алдыналуу, диагноз коюу жана дарылоо чараларын иштеп чыгат. Кыргызстанда Вирусологиялык изилдөөлөр Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын Биотехнология институтунда жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин Микробиология, эпидемиология жана гигиена илимий -изилдөө институтунда жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]