Вирустуу оорулар

Википедия дан
Вирус оорулары‎»‎ барагынан багытталды)
Эбола вирусу

Вирустуу оорулар - вирустар козгогон оорулар. Алар менен адамдар, айбанаттар, куштар, балыктар, өсүмдүктөр, бактериялар ооруйт.

Адамдагы вирустуу ооруларга суу чечек, чечек, кы­замык, учук, сасык тумоо, полио­миелит, вирустуу гепатит жана башка оорулар кирет. 20-кылымдын 50—60-жылдары парагрипптин, катуу башталган сасык тумоонун, бронхиттин, жугуштуу аденовирус жанa жогорку дем алуу жолдорунун, көздүн эпидемиялык оору­ларынын вирустары ачылган.

Адамдар кутуртма, шарп, мээ кабыгынын сезгениши, стоматит сыяктуу оору­ларды жаныбарлардан, ал эми орнитоз менен пситтакозду канаттуулардан жугузуп алышы мүмкүн. Вирус жугаар замат ооруга жараша организмде татаал процесстер жүрөт. Вирустуу оорулар аба, тамак-аш, сүт, суу, түрлүү бутом жанa курт-кумурска (кене, чиркей) аркылуу жугат. Алар көбүнчө оорунун белгилерине жараша дарыланат. Кээ бир вирустуу ооруларда козгогучка каршы атайын антителосу бар кан сары суусу колдонулат. Вирустуу оорулардын алдын алуу үчүн ооруган адамдарды өз убагында ооруканага жаткырып, ооруну жугузуучу негизги булактарды жоготуу зарыл.

Вирустуу оорулардын көпчүлүгү катталып, статистикалык эсепке алынып турат. Чечек жанa вирустук сары безгек оорулары боюнча эл аралык карантин коявенциялары бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4