Гепатит

Википедия дан
Гепатит
Алкоголдон жабыр тарткан, боор клеткаларынын микрофотографиясы
ЭОК-10 K75.975.9
ЭОК-9 573.3573.3
DiseasesDB 20061 20061
MedlinePlus 001154 001154
MeSH D006505 D006505

Гепатит (грек. ἡπατῖτις ἥπαρ — Боор) — Боордун түрдүү этиологиядан пайда болуп, катуу кармаган жана өнөкөт сезгенүү ооруларынын жалпы аты; боордун түрдүүчө дарылоону талап кылуучу сезгениши. Ал пайда кылган себебине жараша вирустук Гепатит биринчилик (вирустуу гепатит) жана экинчилик болуп айырмаланат. Анын катуу кармаган (вирустуу гепатит) жана өнөкөт түрү бар. Боор катуу сезгенгенде алгач адамдын тамак ичкиси келбей, эти ысып, алы кетип, муундары, оң кабыргаларынын асты салмактанып ооруйт. Кийинчерээк оорунун негизги белгиси сарык пайда болот. Боордун өнөкөт оорусу көбүнчө катуу сезгенүү уларып, өнөкөткө айлануудан жана жугуштуу (бруцеллёз, кургак учук ж. б.), мите (эхинококк, описторхоз ж. б.) ооруларынан, уулануудан, кээ бир дарыларды туура эмес ичүүдөн пайда болот. Сезгенүү процесси көпкө созулганда, боор клеткалары өлүп, бириктиргич ткандар өсүп, циррозго алып келет. Боор ишинин бузулушуна жараша оорулуу адамдын боору, көкбоору чоңоёт, эти ысып, териси саргая баштайт. Гепатит жылдап созулат. Мындай оорулууну ооруканада дарылайт, каттоого алынат. Анын алдын алуу үчүн жугуштуу ооруларды туура дарылоо, уулануудан сактануу жана туура тамактануу чоң мааниге ээ.[1]

Медицина сунуштайт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гепатиттерди дарылоо үчүн заманбап илим тарабынан интерферонду – дене тарабынан ага кандайдыр бир инфекция киргендигине карата жооп катары бөлүнүп чыгарыла турган заттарды пайдаланууну сунуштайт. Интерферондун өздөрү вирусту өлтүрбөйт, ал болгону орто аралык чынжырча гана болуп саналат. Алар денеге вирустун дал ушул түрүн, инфекциянын тибинин өзүнүн кодун чечүүгө, анын алсыз жерлерин, иммундук системге аны өлтүрө турган ферментти иштеп чыгууга жардам берүү үчүн түшүнүүгө жардамдашат. Интерферондор менен дарылоо аргасыз чара болуп саналат, азыркы медицинанын колунда башка натыйжалуу дарылар жок. Пегилирленген интерферонду вируска каршы каражат болгон рибоверин менен бирге колдонушат. Дал ушундай комбинация бүткүл дүйнө жүзүндө В, С гепатиттерин дарылоонун айрым бир стандарты катары кабыл алынган. Тилекке каршы, интерферон менен жалпы кабыл алынган дарылоо абдан уулуу жана адам денеси үчүн абдан оор келип, 1 нече миллион сомго чейин болуп кымбатка турат. Анын колдонулушу жок дегенде жарым жылга эсептелгени менен, 85 пайыз учурда бейтаптар мындай дарылоону алгачкы 2-4 ай гана чыдап көтөрө алышат. Ошондуктан гепатиттерди натыйжалуу дарылоонун мындай көйгөй маселеси абдан актуалдуу болуп саналат.

Гепатиттин себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гепатиттин келип чыгуу себептерин инфекциялык, метаболикалык, ишемиялык, аутоиммундук, генетикалык ж.б. негизги категорияларга бөлүүгө болот. Жугуштуу агенттерге вирустар, бактериялар жана мителер кирет. Метаболикалык себептерге рецепт боюнча берилүүчү дары-дармектер, уулуу заттар (айрыкча алкоголь) жана боордун алкоголсуз май оорулары себеп болот. Гепатиттин аутоиммундук жана генетикалык себептери генетикалык жакындык менен байланышкан жана эреже катары, мүнөздүү популяцияларга таасир этет.

Жугуштуу оорулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Вирустуу гепатит[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Вирустуу гепатит – гепатиттин дүйнө жүзү боюнча эң кеңири тараган түрү.[1]  Вирустуу гепатитти вирустун беш түрү (А, В, С, D жана Е гепатиттери) козгойт. А жана Е гепатиттери окшош келет: экөө тең заң жана ооз аркылуу жугат. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө кеңири тараган. Өнөкөт гепатитке алып келбей турган өзүн-өзү чектөөчү ооруларга кирет.[2]  

В гепатити, С гепатити жана D гепатити канга же былжырлуу кабыкчаларга оору жуккан кан жана дене суюктуктары, мисалы, урук жана кындан чыккан нерселер тийгенде жугат. Вирустук бөлүкчөлөр шилекейден жана эмчек сүтүнөн дагы табылган. Бирок өбүшкөндө, идиш-аякты чогуу колдонгондо жана эмчек эмизгенде – эгерде бул суюктуктар ачык жарага же кесилген жерге кирбесе – инфекция жукпайт.[3]  

В жана С гепатиттери курч да, өнөкөт да болушу мүмкүн. D гепатити – В гепатитинин көбөйүшүн (репликациясын) талап кылган жана В гепатитинин коинфекциясы менен гана аныкталуучу кемтик вирус. Чоңдордо В гепатити инфекциясы көбүнчө өзүн-өзү чектеп, 5% дан азы өнөкөт абалга өтөт. 20-30% өнөкөт оору жугузгандар циррозго же боор рагына чалдыгышат. Бирок инфекция ымыркайлар менен балдарды көп учурда өнөкөт илдетке кабылдырат.

В гепатитинен айырмаланып, С гепатити көпчүлүк учурда өнөкөт инфекцияга алып келет. С гепатити АКШда цирроздун эң көп таралышына себепчи (алкоголь гепатитинен кийин экинчи орунда).[4]  1970-80-жылдардагы кан куюу С гепатити вирусунун жайылышынын негизги фактору болгон. 1992-жылы кан азыктарындагы С гепатитин кеңири текшерүү башталгандыктан, кан куюуда С гепатитин жуктуруп алуу коркунучу болжол менен 1970-жылдардагы 10%дан азыркы учурдагы 2 миллиондон 1 катышына чейин төмөндөгөн.

Мителүү гепатит[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мителер да боорго жугуп, иммундук жоопту активдештирет. Натыйжада Е сары суу иммуноглобулинин көтөрүп, курч гепатиттин симптомдоруна алып келиши ыктымал (бирок өнөкөт гепатит өнөкөт инфекциялар болгондо гана мүмкүн). Мисалы, Entamoeba histolytica боордун ириңдүү гепатитин пайда кылат.

Ит солитери деп да аталган Echinococcus granulosus цестод курттары боорду мертинтип, мүнөздүү боор гидатид ыйлаакчаларын пайда кылат. Fasciola hepatica жана Clonorchis sinensis сыяктуу боор трематоддору өт тамырларында жашап, оорлоштуруучу гепатитти жана боордун фиброзун пайда кылат.[5]  

Бактериялуу гепатит[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Боордун бактериялуу инфекциясы көбүнчө боордун ириңдүү абсцесстерине, курч гепатитке же боордун гранулематоздук (же өнөкөт) илдетине алып келет. Өнөкөт же гранулематоздук гепатит микобактериялардын түрлөрүн, Tropheryma whipplei, Treponema pallidum, Coxiella burnetii жана риккетсиянын түрлөрүн жуктурганда пайда болот.[6]  

Метаболикалык[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алкоголь гепатити[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ичкиликти көп ичүү гепатитке алып келиши мүмкүн, ал боордун циррозунун эң көп тарашына да себеп болот.[7]  Алкоголь гепатити боордун алкоголдук оорулар түркүмүнө кирет. Ал алкоголдук стеатоздун (эң жеӊил, эң көп калыбына келүүчү), алкоголь гепатитин, боор циррозунун жана рагынын (эң оор, эң аз калыбына келүүчү) оордугуна жана калыбына келүү иретине жараша айырмаланат.

Адатта гепатит алкоголь узак убакыт бою таасир эткенде кабылдайт, аракечтердин 10-20 пайызында болот.[8]  Алкоголь гепатитинин пайда болушунун эң негизги себеби – спирт ичимдиктерин узак мөөнөткө жана көп көлөмдө ичкендик. Эгер эркектер күнүнө 80 г, ал эми аялдар 40 г ашыкча узак мезгилге ичсе (1 пиво же шараптын 4 унциясы 12 г спиртке барабар), алкоголь гепатитине себепчи болот. Алкоголь гепатити жышаансыз гепатомегалиядан (боордун чоңоюп кетишинен) курч же өнөкөт гепатиттин белгилери менен боордун жетишсиздигине чейин өтүшүп кетиши мүмкүн.

Дары-дармектик жана уулуу гепатит  [түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көптөгөн химиялык заттар, анын ичинде дары-дармектер, өндүрүштүк токсиндер, өсүмдүк жана тамак-аш кошулмалары гепатитке алып келиши мүмкүн.[9]  Дары-дармектердин таасиринен боордун жабыркашы курч гепатиттен тартып өнөкөт гепатитке жана боордун курч жетишсиздигине чейин өтүшүп кетиши мүмкүн. Токсиндер жана дары-дармектер ар кандай жолдор менен, анын ичинде клеткалардын түздөн-түз жабыркашына, клетка метаболизминин бузулушуна жана түзүмдүк өзгөрүүлөр аркылуу боордун жабыркашына алып келиши ыктымал.[10]  

Парацетамол сыяктуу кээ бир дары-дармектер боордун болжолдуу, дозага жараша жабыркашын көрсөтөт, ал эми башкалары, мисалы, изониазид, ар кыл адамдарда ар башкача, күтүүсүз реакцияларды жаратат. Боордун жабыркашынын механизмдери менен латенттик мезгилинин таасир алуудан тарта клиникалык ооруга кабылууа чейинки түрлөрү бар.

Дары-дармектердин көпчүлүк түрлөрү боорго зыян келтириши мүмкүн, анын ичинде анальгетик парацетамол; изониазид, нитрофурантоин, амоксициллин-клавуланат, эритромицин жана триметоприм-сульфаметоксазол сыяктуу антибиотиктер; вальпроат жана фенитоин сыяктуу тарамыш тартышууга каршы дары-дармектер; холестериндин деңгээлин төмөндөтүүчү статиндер; ичме контрацептивдер сыяктуу стероиддер жана анаболикалык стероиддер; жана КИВ/СПИДди дарылоодо колдонулуучу өтө активдүү антиретровирустук терапия.

Чөптөрдөн алынуучу дары-дармектер жана азык кошулмалары гепатиттин дагы бир орчундуу себеби болуп саналат. Дары-дармек менен шартталган гепатит Кореяда эң көп кездешет.[11]  Америка Кошмо Штаттарында негизделген дары чөптөр мекемеси боордогу гепатитти 16% дан ашык учурда чөп жана азык кошулмалары пайда кыларын аныктады. Улуттук ден соолук институттары боордун жабыркашы менен байланышкан баардык белгилүү рецепттүү жана рецептсиз кошулмаларга көзөмөл жүргүзүү үчүн керектөөчүлөрдүн LiverTox маалымат базасын колдоп келет.[12]  

Башка гепатотоксиндер кокустан же атайылап жутканда, дем алганда жана териге сиңгенде таасир этет. Өндүрүш токсини болуп төрт хлордуу көмүртек жана Amanita phalloides жапайы козу карын дагы башка белгилүү гепатотоксиндер эсептелет.[13] Archived 2013-12-02 at the Wayback Machine

Аутоиммундук гепатит[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аутоиммундук гепатит – бул боордун клеткаларына каршы аномалдуу иммундук жооп пайда кылган өнөкөт дарт.[14]  Бул оору иммундук жоопко катышкан кишинин кайсы бир лейкоцитардык антигендери менен байланышкандыктан, генетикалык жакындыкка ээ деп эсептешет. Башка аутоиммундук оорулар сыяктуу эле, айлануучу аутоантитулкулар бар болушу мүмкүн, муну диагноз коюуда эске алган жакшы.[15]  

Аутоиммундук гепатит жышаансыз болушу, курч же өнөкөт гепатитке жана боордун фульминанттык жетишсиздигинде чейин ар кандай өңүттө көрүнүшү ыктымал. Бейтаптардын илдети 25-34% учурда жышаансыз кездешет, андыктан боордун иш-милдетинин аномалдуу тесттеринин негизинде диагноз коюлат. Айрым изилдөөлөр көрсөткөндөй, 25%дан 75%га чейин курч гепатиттин белгилери жана жышаандары бар.

Башка аутоиммундук оорулардагыдай эле, аутоиммундук гепатит адатта жаш аялдарды жабыркатат (бирок ал каалаган жыныстагы жана курактагы бейтаптарга да залалын тийгизиши мүмкүн), ошондой эле бейтаптардан чарчоо, аз кандуулук, анемия, анорексия, аменорея, безетки, артрит, плеврит, тиреоидит, жара колити, нефрит жана макулопапулярдык бөртпөлөр сыяктуу аутоиммунитеттин классикалык белгилери менен жышаандары көрүнүшү ыктымал. Аутоиммундук гепатит цирроздун пайда болуу тобокелдигин жогорулатат, ал эми боор рагына өтүшүп кетүү коркунучу ооруга чалдыккандан кийин жыл сайын болжол менен 1% га жогорулайт.

Аутоиммундук гепатит менен ооруган адамдардын көпчүлүгүндө башка аутоиммундук илдеттер бар. Аутоиммундук гепатит боордун баштапкы билиардык цирроз жана баштапкы склероздук холангит сыяктуу башка аутоиммундук ооруларынан айырмаланат. Бирок бул оорулардын бардыгы боордун тырыктарына, фиброзуна жана циррозуна алып келиши мүмкүн.

Гепатитти аныктоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул талдоо сапаттык деп аталат, ал денедеги вирустун бар экендигин көрсөтүп турат. Эгерде вирус денеден табылган болсо, экинчиси жасалат – сандык жыйынтыкты көрсөтө турган талдоо (кандын 1 миллилитринде канча вирус камтылып турат).

Сакайтуу жолдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыртынан сыйпаган учурда йод вируска каршы күчтүү натыйжага ээ экендигин билишет. Бирок аны кантип денеге коопсуз киргизүүгө болот? Биринчилерден болуп йоддун агрессивдүү сапаттарын, ал ар түрдүү ооруларды дарылоо үчүн жеткиликтүү болуп калышы үчүн кантип нейтралдаштыруу керектигин В.О.Мохнач түшүнгөн. Окумуштуу йоддун уулуу таасирин картошка крахмалынын – «көк йоддун» жардамы менен нейтралдаштырган. 10 миңден ашык сынап көрүү жолу менен ал йоддун бардык боёлгон бирикмелери микробго, вирустарга жана грибокторго каршы аракеттерге ээ экендигин жана ушул эле маалда уулуулугу азая тургандыгын аныктаган. Бирок «көк йоддогу» йоддун дозасы гепатиттер вирустарына толук түрдө таасир этүүсү абдан эле аз. Тамактануунун Казак академиясынын вице-президенти, мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор, биология илимдеринин доктору Юрий Синявский Мохначтын ачылышын улантып, йоддун крахмал менен болгон биригүүсүндөгү камтылышынын 300 жана андан көп эсеге чейин жогорулоосуна жетишкен. Мында ал йоддун коопсуздугун сактай алган, анысы менен НаноЙОДду жараткан, ал гепатиттердин каалагандай вирустарына каршы жана вирустар эле эмес, бардык мите курттар жана чоочун бактерияларга каршы активдүүлүктү жогорулата алган, башкача айтканда денени, биринчи кезекте ичегилерди (иммунитеттин 90), башкысы биздин боорубузду толугу менен стерилизация кылат, андан кийин иммунитет иштей баштайт жана биздин денебиз тазарып калат.[2]

Түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гепатиттин A, E, B, C, D, G деген түрлөрү бар. Ооруну жугузуучу башкы булак болуп гепатит менен ооруган адам эсептелет. B, D, C, G түрлөрү жыныстык катнаш, энеден түйүлдүккө өтүү жана кан аркылуу (шприцтен, гепатит менен ооруган адамдын жакшы жуулбай кан калып калган сакал алгычы менен тиш щёткасынан, стоматологияда, тату салонунда кан менен булганган аспаптан) жугат. A, E түрлөрүнүн жугуу жолдору окшошуп кетет. Кыргызстанда A түрүнөн жабыркагандар көп.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
  2. Дарылоонун аталган ыкмасы Орусияда, Ефрей автономиялуу облусундагы «Лекарь» клиникасында колдонулат. Бишкекте «ГепатоБорбордо» (ЦАДМИР) Москва көч., 225 (2-төрөт үйүнүн короосунда) колдонулат. Дарылоо дистанциялык түрдө жүргүзүлөт.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]