Гепатит А

Википедия дан
Гепатит А
A case of jaundice caused by hepatitis A
ЭОК-10 B1515.
ЭОК-9 070.0070.0, 070.1070.1
DiseasesDB 5757 5757
MedlinePlus 000278 000278
eMedicine med/991  ped/977ped/977 med/991  ped/977ped/977
MeSH D006506 D006506

Гепатит А - Аталган дарт мурун Боткин оорусу, сарык деп аталчу. Гепатиттин калган түрлөрүнүн ичинен эң жеңил түрү болуп саналат.

Оорунун белгилери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Дене табы көтөрүлөт (37-38 градус).
  • Шалдырайт, баш ооруйт.
  • Мурун бүтөт.
  • Тамакка табит жоголот.
  • Көңүл айланат, кусат.
  • Боор менен көк боор чоңоёт.
  • Зааранын өңү кочкул күрөң тартып, заңдын агарышы.

Дене саргаят.

Дененин саргайышы оору белгилери билингенден кийин 4-7 күн ичинде башталат. Тилдин асты, таңдай, көздүн агы, тери саргайып, 1-2 апта туруп анан жоголот. Чоңоюп кеткен боор, көк боор калыпка келип, ооруган адам жеңилдейт.

Жана ошондой эле 3 түрдө өтүшү да мүмкүн

  • Гепатиттин белгилери билинген түрү;
  • Саргаюу күтүлбөгөн түрү;
  • Белгиси жок (саргаюу да жок). Андыктан диагноз коюу кыйын, ошол эле учурда чөйрөдөгүлөргө жугуу коркунучу чоң.

Жугуу жолдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Гепатиттин вирусу түшүп булганган суу, тамак-аш, дааратканадан;
  • Ооруган адамдын заңы, кусундусу, колдонгон буюмдарынан (идиш, сүлгү, жууркан-төшөнчүлөр);
  • Бирөөнүн сагызын чайнап, чупа-чупсун, момпосуюн соруудан (жаш балдар арасында).

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Сууну, тамакты кайнатып ичүү.
  • Көчөдөн келгенде жана тамак ичер алдында колду жуу.
  • Жашылча-жемиштерди жууп колдонуу.
  • Көчөдөн (колдон) тамак-аш сатып албоо.
  • Бирөөлөрдүн кусундусуна жолобоо.
  • Жеке гигиенаны сактап, буюмдарыңызды башкаларга бербей өзүңүз гана колдонуп, таза кармаңыз

Элдик медицина ооруга жардам бербейт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дененин саргайышы эмнеден болот? Боор кандагы ууларды тазалап чыгарып турат. Боор вирустун айынан жакшы иштей албай калганда кандагы билирубиндин (өт пигменти) канча бир бөлүгү денеде топтолот. Мунун айынан дене саргаят. Кээ бирөөлөр элдик медицинаны колдонуп бит жеп, балыктын майын ичип жүрө беришет. Бул туура эмес. Бит ашказанга барганда эле андагы туз кычкылы жана башка ферменттердин айынан өлөт. Башкача айтканда, эл ойлогондой анын түз боорго өтчү жолу да, оору козгогучтарды жеп жок кылуучу мүмкүнчүлүгү да жок. Демек, элдик медицинаны колдонгон адам убакыттан уттуруп, оорусун тереңдетүү менен чөйрөсүндөгүлөргө дартын жуктура берет.

Ооруну сакайтууга болот[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарыгерлер жеңил түрүндө керектүү дары-дармектерди жазып берип, үй шартында дарыланууну, 6 айга чейин мүнөздөп тамак ичүүнү сунушташат. Дарттын орто жана оор түрүндө бейтаптар ооруканага жатып дарыланышат. Диета сунушталып, витаминдер берилип, боордогу вирустун уусун чыгаруу үчүн тамчылатма дары куюлат. Оорунун курч мезгилинде адам баспай, чуркабай, тынч абалда жатышы зарыл. Ууларды боордон чыгаруу максатында компот, жашылчалардын жаңы сыгылган ширесин, минералдык сууну көп ичүү керек. Оорулууга өзүнчө идиш-аяк, сүлгү, төшөнчү бөлүп берип, бөлмөнү ным чүпүрөк менен сүртүп туруу сунушталат. Бейтап айыккыча дарыгердин көзөмөлүндө болот. Көрсөтмөлөрдү толук аткаргандар таза айыгып кетишет. Убагында дарыланбаса оору өнөкөткө айланып, кийин циррозго, ракка өсүп кетиши мүмкүн.

Кыргызстандын статистикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында 2015-жылы 1435 адам, 2016-жылдын январь айы ичинде 107 адам гепатиттин түрлөрү менен жатып дарыланган.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]