Мазмунга өтүү

Оору

Википедия дан
1882.
(Альбрехт Дюрер, 1504).

Оору (латын тилинен morbus) — организмди кыйнаган, жагымсыз, кээде чыдатпаган сезим. Ал көбүнчө киши менен жаныбарлардын организмине күчтүү таасир тийгенден келип чыгат.

Ооруу — организмдин же анын кээ бир функцияларынын бузулгандыгынын субъективдүү көрсөткүчү. Органикалык дүйнөнүн эволюциялык процессинде Ошондой коркунучтун сигналына айланып, тиричиликти сактоону камсыз кылуучу маанилүү биологиялык фактор болду.

Оору убагында

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оору оорутуучу дүүлүктүргүчтү жоготууга, орган менен физиологиялык системалардын иштешин кайра калыбына келтирүүгө организмдин коргонуу күчтөрүн жыйнайт. Аны менен бирге ооруу кишини абдан кыйнап, тынчын алат, эмгекке жарамсыз кылып, кээ бир учурда шоктун пайда болушуна себеп болот. Тери, былжыр чел, сөөк чели канчалык чоң жабыркаса ооруу катуу сезилет. Ички органдардын функциялары бузулганда оорууну сезүү бул бузулууларга жараша болбойт: ичегинин иштеши бир аз эле бузулса ич катуу ооруйт, мээнин, кандын, бөйрөктүн орчундуу бузулууларында эч кандай ооруу сезилбейт. Организм дүүлүктүргүчтөргө оорутуучу бир кыйла өзгөрүүлөр менен жооп берет (мисалы, кан тамырлар ичкерип, кан басымы жогорулап, кандын уюшу күчөп. кандагы канттын өлчөмү көбөйөт). Оору катуу кармаган, сыздаган, сайгылашкан, ачыштырган жана башкалар түрдө сезилет. Оорулуу оорууну жабыркаган органдын өзүнөн же андан алысыраак жерден сезет. Баш, жүрөктүн тушу жана ич оору менен коштолгон абал өмүргө коркунучтуу.

Көкүрөк жак оорушу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көкүрөктүн сол жагы же жүрөктүн тушу сайгылашып, сыздап же куушуруп ооруганда жүрөктүн ооруганын билгизет, ал көп учурда капысынан кармайт же акырындык менен башталат. Көкүрөктүн тушунан капысынан кармап, сол кол менен далыга тараган, күчтөнүүдө же тынч абалда пайда болгон куушурулган ооруу стенокардияга мүнөздүү, ага тез жардам берүү керек. Көкүрөктүн сол жагы ревматизмде, ошондой эле жүрөк менен туташ болгон органдар, нерв түйүндөр жабыркаганда, өнөкөт ангинада, аз кандуулукта жана башкалар ооруйт. Көп учурда жүрөктүн тушу невроздордо, эндокрин системасынын бузулууларында, түрдүү ууланууда (тамеки чеккендерде, алкоголь ичимдиктерин ашкере ичкендерде) ооруйт.

Жүрөк ооруганда аны пайда кылган себепке жараша дарылоо чаралары жүргүзүлүп, врачка кайрылууну талап кылат. Жүрөктүн тушу катуу ооруганда оорулууну тынч жаткырып же отургузуп, тынчтык түзүп, бөлмөнү желдетип, валокордин (корвалол), валидол берүү керек. Эгерде жүрөк катуу ооруп, сол кол же далыга тараса тил астына валидол же нитроглицерин салуу, көкүрөктүн ортосуна горчичник коюп, тезинен врач чакыруу зарыл. Ич ооруу көп учурда өмүргө коркунуч туудуруучу ооруларда кездешет. Ал ооруларга катуу кармаган аппендицит, карындын же 12 эли ичегинин жарасы тешилгенде, ичегинин өткөөл сүздүгү, ич көңдөйүнө кан куюлуу (көбүнчө жатындан тышкары бойго бүтүүдө), катуу кармаган панкреотит жана башкалар кирет. Бул ооруларда ич капысынан катуу ооруп баштайт. Айрыкча карындын, жумурдун жарасы тешилгенде катуу ооруйт, аппендицитте ооруу акырындык менен күчөйт. Ичеги өткөөлсүздүгүндө мезгили менен ооруу күчөп, толгоп ооруп турат. Жатындан тышкары бойго бүтүп, түтүк жарылганда ошол замат катуу ооруп, кийинчерээк басаңдайт. Бөйрөк коликасында ич абдан катуу ооруйт, бирок ал учурда тезинен операция жасоонун анча зарылчылыгы жок.

Ич көңдөйүнүн органдарынын тезинен операция жасалуучу ооруларында организмдин жалпы абалынын начарлоосу (шок, дененин температурасынын жогорулашы, эстен тануу жана башкалар) мүнөздүү. Ичтеги оорууну туура таап, тиешелүү дарылоо ыкмасын врач гана белгилейт. Оорулуу же анын айланасындагылар ооруунун себебин аныктап, өз алдынча дарылоо чараларын жүргүзсө, оорулуунун абалы начарлайт жана керектүү операцияны жасатууну кечиктирет. Ич көңдөйүнүн операция жасалуучу ооруларында ичеги-карынды тазалоого аракеттенүү коркунучтуу; клизма жасоо ичегинин бузулушун күчөтөт, ич көңдөйүнө кан куюлса кан аккан тамырлардын уюган кан менен тосулушуна тоскоол болот. Ооруну басаңдатуучу каражаттар убактылуу жардам берет, бирок врачты чакырууну кечиктирет, туура диагноз коюуга тоскоол болот. Жылыткыч менен жылытуу сезгенүү процессти же кан агууну күчөтөт. Катуу кармаган аппендицитте операция бир суткага, карындын жарасы тешилгенде бир нече саатка кечиктирилсе өмүргө коркунуч туудурат. Ошондуктан, убакытты создуктурбай ич абдан катуу ооруганда ошол замат врач чакыруу зарыл.

Колдонулган адабият

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8