Витамин В6

Википедия дан

Витамин В6, а д е р м и н, п и р и д о к с о л - 2-метилпридиндин туундусу, сууда эрийт. В. В6 организмде белоктор менен амин к-талардын алмашуусуна катышуучу ферменттерди пайда кылууга катышат.

Өсүмдүктөрдөн алынган белок тоюттары (шрот, жмых), ачыткылары (дрожжи), улпак ж. б-да көп. Бул витаминдин гиповитаминозунда аппетит жоголот, мал арыктайт, жумуртка берүүсү төмөндөйт, кандын кызыл кан денечелери (эритроциттер ) азаят, кандын уюшу начарлайт, куштардын өзүнүн жүнүн жеши байкалат, тери оорулары пайда болот, алсырап, тарамыштары тырышып калат, кыймылы өзгөрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4