Витамин F

Википедия дан

Витамин F - каныкпаган май кислоталары (линол, линолен, арахидон). Бул май кислоталарынын биологиялык активдүүлүгү өтө жогору. В. F жүгөрү, күн карама ж. б. майларда көп. Бул витаминдин жетишсиздигинде малдын жүнү түшөт, теринин экзема оорусу пайда болот, өсүү процесси токтойт, инфекция ооруларына болгон туруктуулугу төмөндөйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4