Витватерсранд

Википедия дан

Витватерсранд (Witwatersrand ) – дүйнөдөгү ири алтын-уран кен-таштуу бассейн; Травансвааль, Оранж провинцияларында (Түштүк Африка республикасы). 1886-жылдан (1952жылдан уран да) казып алынат. Кен-таш чөкмө метаморфизмден пайда болгон конгломератта топтолгон. Алтындын жалпы запасы 16 миң тдай, кондициялык өлчөмү 9,3 г/о . Кен 4000 м тереңдиктеги 10 горизонттон казылат. 1976-ж. 709 т Au казып алынган. Урандын жалпы запасы 128 миң т, кондициялык өлчөмү 0,020,4%. Жылына орто эсеп менен 3,1-3,7 т U3O8 казып алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]