Виченца

Википедия дан
Виченца.

ВиченцаИталиянын түндүк-чыгышындагы шаар. Венеция облусунун жана В. провинциясынын административдик борбору. Калкы 113;352 миң (2013). Альп тоосунун этегинде жайгашкан. Жолдор тоому. 1115-жылдан эркин шаар-коммуна. Рим театрынын калдыгы, криптопортика, көпүрөлөр, акведук, чиркөөлөр, соборлор, сарайлар, палаццо, базилика ж. б. сакталган. Виченца Италиянын зер буюмдар өндүрүшүнүн ири борбору. Баалуу буюмдардын (алтындан жана күмүштөн жасалган) эларалык көргөзмөлөрү өткөрүлүп турат. Зергерчиликке керектүү жабдууларды чыгаруучу өндүрүшү, машина куруу (текстиль, омпозиторлор ч., электр-техникалык ж.б. ), текстиль, тигүү, булгаарыбут кийим, жыгаччылык, эмерек, химиялык, тамакаш, курулуш материалдары, карапа буюмдар өнөр-жайы иштейт. Виченца жана Венеция облусундагы Палладио курган виллалар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]