Владимир Путин атындагы чоку

Википедия дан
Чоку жана аталышы боюнча эстелик таш

"Владимир Путин атындагы чоку”[1] (орус. Пик Владимира Путина) — Кыргыз Республикасындагы тоо чокулары. Ал Чүй облусунун, Москва районундагы, Ак-Суу дарыясынын бассейниндеги, Жар-Таш дарыясынын оң жактагы куймасынын оң жагындагы тоо кыркасында, 4446 метр бийиктикте орун алган. 2011-жылы, Орусиянын президенти Владимир Путиндин урматына, Ала-Тоодогу чокулардын бирине ысымы берилген.

Аталыш тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2010-жылы, Орусиянын премьер-министри Владимир Путиндин ысымы менен Ала-Тоодогу чокулардын бирин атоо демилгесин Москва райондук кеңешинин депутаттары көтөрүп чыгып[2], аны премьер-министр Алмазбек Атамбаев колдоого алган. Мыйзам долбоор даярдалып, Жогорку Кеңештин депутаттары да аны колдоп, мыйзам кол коюу үчүн президентке жөнөтүлгөн[3].

Кыргызстандын тоо кыркаларындагы аты жок чокуга "Владимир Путин атындагы чоку" деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө мыйзамга, 2011-жылы президент Роза Отунбаева кол койгон.

Эскертмелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]