Владимир шаары

Википедия дан
Владимир.

Владимир шаарыРоссия Федерациясындагы шаар; Владимир облусунун административдик борбору. Калкы 352;681 миң (2015). Россиядагы туризмдин ири борбору («Россиянын алтын айлампасы» маршрутунун негизги пунктарынын бири), облустун башкы өнөр-жай борбору. Чыгыш Европа түздүгүнүн борбордук бөлүгүндө, Клязьма дарыясынын боюнда, Москвадан 190 км түндүк-чыгышта жайгашкан. Шаар 1108-ж. ченде чеп катары князь В. В. Мономах тарабынан негизделген. 1299–1328-жылдары орус митрополиттеринин резиденциясы. 12-кылымдан 14-кылымдын башына чейин Владимир улуу княздыгынын, 18-кылымдын аягынан Владимир губерниясынын борбору. Совет өкмөтү 1917-ж. 25-октябрда (7-ноябрда) орногон. Владимир архитехтуралык эстеликтерге жана Владимир-Суздаль мектебинин живопистерине бай: Успенье (1158-60, 1185-89-жылдары кайрадан курулган), «Алтын Дарбаза» (115864), Дмитрий соборлору, чикөөлөр ж. б. сакталган. 12-кылымдын 2-жарымында Владимир-Суздаль архитехтура мектеби калыптанган учурда таштан ири курулуштар курулган. Ак таштан курулган архра эстеликтери Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Эстеликтер тургузулган. Университеттер, китепканалар (анын ичинде атайын азиздер үчүн), Владимир-Суздаль тарахый-архит. жана көркөм музей-коругу (1854), Столитовдордун үй-музейи, сүрөт гал., драма театр (2003-жылдан театр комплекси), куурчак театры (1969), филармония, Владимир-Суздаль Русунун хор музыкасынын борбору (1992), концерт залдары, планетарий, эстеликтер ж. б. арбын. Машина куруу (трактор жана электр моторлор заводдору, «Точмаш»), автомобиль («Электр прибор» заводу), химиялык (химиялык, пленка материалдар), тамак-аш, тигүү жана трикотаж буюмдар ишканалары иштейт. Владимирге жакын Боголюбов кыштагы князь А. Ю. Боголюбовдун резиденциясы болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]