Вольтер

Wikipedia дан
Вольтер

Кыскача өмүр баяны[оңдоо]

Вольтер (1694—1778) — франция жазуучусу, философу жана публицисти, француз Агартуусунун эң ири ойчулу Француа Мари Аруэнин псевдоними. Вольтер Парижде, нотариустун үй-бүлөсүндө туулат. Атасынын каршы болгонуна карабастан адабиятчынын карьерасын тандап алат. Жаш кезинен тартып эле эркин ойчулдукту жана динге тескери мамиле жасоону көрсөткөн. Феодалдык-абсолюттук Францияны шылдыңдаган сатирасы үчүн он бир ай Бастилияда отурат. Франциядан куулуп жиберилгендиктен 1726—1729-жылдарда Англияда жашайт. Англияда жашап, анын турмушу менен таанышканы анын көз карашынын калыптанышына чоң таасир көрсөткөн. 1758-жылы Швейцариянын чегине жакын жайгашкан Ферне деген жайда сатып алган чарбагына көчүп келет да, анда 20 жыл жашайт. Ушул фернейлик мезгилде ал эң олуттуу чыгармаларын жазат. Өлөрүнөн бир аз мурда Парижге келип, ошол жерде каза болот.

Чыгармалары[оңдоо]

Вольтердин негизги адабий мурасы өтө зор. Ал жалпысынан жүздөгөн чыгармаларды жазган, алар көлөмү боюнча бир нече ондогон томдордон турган чыгармалар жыйнагын түзөт. Эмгектерден башка да ал пьесаларды, повесттерди жана публицистикаларды жазган.
Вольтердин социалдык-саясый көз караштары калыптанып келе жаткан француз буржуазиялык демократиясынын идеологиясын чагылдырып, эскирген феодалдык режимдин бетин ачкан. Вольтер өзүнүн жаңы философиялык идеяларын көтөрүп чыккан философ болгон эмес, бирок коомду философиялык агартуу жаатында көп иштерди иштеген агартуучу болгон. Вольтердин бардык чыгармаларынын негизги багыты — борборунда антиклерикализм турган антифеодалдык багыт. Ал өмүр бою чиркөөгө, башка динге жол бербөөчүлүккө жана фанатизмге каршы күрөшүп келген.
Вольтердин философиялык көз караштары «Философиялык каттарда» (1733), «Метафизика жөнүндө трактатта» (1734), «Ньютондун философиясынын негиздеринде» (1738), «Кандид» философиялык повестинде (1759), «Философиялык сөздүктө» (1764—69) чагылдырылган.

Динге карашы[оңдоо]

Вольтердин философиялык ой-пикирлери анын динге тескери көз караштары менен тыкыс айкалышып турат. Католик чиркөөсүнө каршы күрөшү анын өтө кыска түрдө: «Арамзаны жанчып салгыла!» Деген сөзүндө аныкталган. Өзүнүн чыгармаларында Вольтер диндин система катарында негизсиздигин көрсөткөн. Бирок ал биздин дүйнөнү Жаратуучу катарында Кудайга ишенүүнү толугу менен танбай, деизмдин позициясында кала берген. Анын пикири боюнча, диндин булагы — түркөйлүк жана алдамчылык. Ал алдамчы менен келесоо экөө жолугушкан учурда дин пайда болгон деп эсептейт. Ошол эле убакта ал дин керек, диний ишеним — адамдардын жүрүш-турушун теске салып тура турган күч деп эсептеген. Ал мындай дейт: «Эгерде Кудай жок болсо, аны ойлоп табуу керек эле». Вольтер «Кандидде» Лейбництин алдын ала түзүлүп коюлган гармония жөнүндөгү теориясын сынга алып, турмушту өзгөртүү үчүн жана алда канча адилеттүүрөөк тартипти орнотуу үчүн адамдар турмушка кийлигишүүгө тийиш деп эсептеген.
Вольтер Декарттын, Спинозанын, Лейбництин рационалисттик көз караштарына өтө сын көз менен карап, тубаса идеялар концепциясын тааныган эмес. Ошол эле убакта ал Локктун сенсуализмин кабыл алып, аны кеңири жайылтып түшүндүрүүгө умтулган, ошентсе да туюу — сезим булактарына көз каранды болбогон шексиз акыйкаттардын бар экендигин моюндаган. Адам жаны — бул субстанция эмес, биз аны эч качан кабылдай албайбыз. Биз бар болгону психикалык көрүнүштөрдү жана жөндөмдүүлүктөрдү гана билебиз. Адамдар интеллекти өнүккөн, бирок инстинкти начар акыл-эстүү жаныбарлар экендигин моюнга алуу жакшы.

Детерминизм жөнүндө[оңдоо]

Вольтер жаратылышта детерминизм жашап турат деген позицияны туткан, биздин аң-сезимибиздин туюм-сезим органдарыбыздын түзүлүшүнө байланыштуу экендигин далилдеген. Ойломду материянын атрибуту деп тааныган, ал эми дүйнөнүн дүр-түркүмдүүлүгүн ушул дүр-түркүмдүүлүктүн булагы катарында карала турган «бүткүл дүйнөлүк акыл-дээрдин» кудурети менен түшүндүргөн. Этикада ал моралдык нормалардын тубасалыгына жана алардын шарттуулугуна да каршы чыккан. Ал ошондой эле «адеп-ахлактын алтын эрежесин» негиздеген: «Башкалардын сага кандай мамиле жасаарын кааласаң, өзүң да аларга ошондой мамиле жаса».
Вольтер тарых философиясын түзүүнү ойлоп, бир катар эмгектерди жазат («Тарых философиясы», «Тарыхтагы пирронизм», «Тарых жөнүндө ой жүгүртүү»). Бул эмгектерде цивилизациянын бардык тармактарындагы маданий жетишкендиктерди изилдөөнүн программасы белгиленген. Европалык эмес элдердин — арабдардын, кытайлардын, индилердин тарыхын изилдөөгө чакырган. «Улуу Пётрдун учурундагы Россиянын тарыхы» деген эмгегинде мамлекеттин башында билимдүү монарх туруш керек деген ойду айтат. Адепки жаратылышка кайра кайтууга чакырган Руссонун көз карашына каршы чыгат. Вольтер үчүн бул табиятка каршы чыгуучулук болуп көрүнгөн.
Вольтер Руссонун жеке менчиктен баш тартуу жөнүндөгү көз карашын шылдыңга алат. Эркиндикти Вольтер эрктин эркиндиги катары кабыл алат. Бирок эрк эркиндиги жок, өзүнүн жеке керт башынын эркиндигин сезүү гана бар.
Вольтер өзүнө замандаш доорду, башкача айткандаон сегизинчи кылымды адамзаттын акыл-эси коомдун турмушуна өзүнүн чечүүчү таасирин көрсөтө ала турган мезгил катарында караган. Илимге жана искусствого таянган «маңыздуу философияны» акыл-эстин эң бийик көрүнүшү катары эсептеген. Мында Вольтер, коомдук өнүгүүнүн мыйзамдары жөнүндөгү, мамлекеттик бийликтин милдеттери жөнүндөгү философиялык корутундуларды колдонгон жана жалган жөрөлгөлөрдөн эркин болгон билимдүү монархтарга чоң үмүт жүктөгөн. Мамлекетти философтор башкара турган убакыт келет деп ишенген.
Вольтер прогрессивдүү агартуучулардын жаңы муундарынын идеологиясынын калыптанышына зор таасир көрсөткөн.



Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8