Тубаса идеялар

Википедия дан

Тубаса идеялар – сезим дүйнөсүнө эч катышы жок адамдын акыл-эсине башынан, төрөлгөнгө чейин эле тиешелүү, тажрыйбадан көз каранды эмес түшүнүктөр, билүүлөр элестер.

Тубаса идеялардын катарына математика менен логиканын аксиомаларын жана философиянын баштапкы принциптерин, моралдык баалуулуктарды кошушат.

Тубаса идеялар жөнүндө окууну Платон негиздеген. Кээ бир философтордун пикири боюнча, тубаса идеялар Кудай тарабынан берилет (Декарт), же тубаса идеялардын өнүгүүсүнө сезим тажрыйбасы шарт түзгөн акылдын шыгы же жөндөмдүүлүгү (Лейбниц).

Интеллектуалдык интуициянын рационалисттик теорияларында, кээ бир абалдар, түшүнүктөр акылга башынан тиешелүү эмес, алар эс-акылда аныктыкты байкоонун негизинде аңдалат, деп айтылат. Кант тажрыйбадан көз каранды эмес, тажрыйбага чейинки тубаса идеяларды четке какканы менен тубаса идеялар концепциясына окшош априордук форма жөнүндө окуусун жараткан. Тубаса идеялар теориясы гносеологиянын сезимдик жана рационалдык тааным концепциясына каршы турат. Тубаса идеялар концепциясын жаңы формада кайра жаратуу аракети тилдик универсалийлердин бар болгондугун абсолютташтырган жана тил менен сүйлөө эрежелеринин, аң-сезим менен тилдин тыгыз байланышын танган америкалык лингвист Н. Хомский тарабынан жүргүзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]