ГАТТ

Википедия дан

ГАТТ (General Agreement on Tariffs and Trade): «Соода жана тарифтер боюнча жалпы макулдашуулар» деген маанини туюндурган бул термин англис тилиндеги General Agreement on Tariffs and Trade деген сөздүн баш тамгаларынан түзүлгөн.

Дүйнөлүк соода-сатык, эл аралык экономикалык жана саясий мамилелерде маанилүү орду бар техникалык термин болуп саналат. 1947-жылы Женевада болгон эл аралык конференциянын жыйынтыгында бекитилген бажы тарифтерине байланыштуу соода келишими уюм катары да эсептелген. Бул келишимдин тегерегинде бир канча өлкө (дүйнөлүк сооданын бештен төртүн ээлеген өлкөлөр) өз ара дүйнөлүк сооданын либералдаштыруусун, ошону менен бирге бажы, бөгөт жана чара көрүү кызматтары аркылуу соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү иш-аракеттерин алдын алууга аракеттенишет.

Бул келишим дүйнөлүк сооданы жана кызматташууну арттырууну максат кылган эл аралык соода уюму негизделгенге чейин убактылуу даярдалган болчу. II Дүйнөлүк согуштан кийин, 1947-жылдын аягы, 1948-жылдын баш чендеринде Кубанын борбору Гаванада өткөрүлгөн бул конференцияда кабыл алынган принциптердин арасында негизделиши күтүлгөн бул уюм ишке ашпай калган. Ошондон улам Америка Конгресси түрдүү себеп жана зордук-зомбулуктар менен дүйнөлүк сооданы өнүктүрүүчү жана соода-сатыктагы тоскоолдуктарды жоюучу өкүлдөрдү камтыган жана «Гавана Чартер» делген бул конференция чечимдерин бекиткен эмес.

ГАТТ уюмунун айланасында бир топ өлкөлөр ичинде «Эң көп кызыктырган улут» (Most Favoured Nation) өкүмүн жүргүзүү аркылуу маанилүү болгон бажы арзандатуулары жана тил табышуулары камсыз кылынган. Мына ушинтип соода мамилелери да жакшырган. Акыркы жылдарда айрыкча АКШнын дүйнөлүк соодага дагы да тереңирээк кириши үчүн жана мындан сырткары да АКШ-Европа Экономикалык Коому соода мамилелеринин дагы да жакшыртуусу үчүн 1964-1967 жылдар аралыгында Кеннеди кеңешмелери деген жолугушуулар ГАТТ алкагында болуп өткөн. 1973-жылы күз айларында дагы эле ГАТТ алкагында Токио кеңешмелери башталган. 1979- жылдын аягында кеңешме бүтүп, келишим түзүлгөн жана маанилүү бажы тармагындагы арзандатуулар алдын ала чечилген. ГАТТ уюмунун борбору Женевада жайгашкан. Түркия да бул уюмга мүчө болуп эсептелип, анын да туруктуу бир делегациясы бар. Мүчө өлкөлөрдүн саны 84кө жеткен. ГАТТ эл аралык соода, укук жана милдеттери боюнча түзүлгөн көп жактуу макулдашуу болуп эсептелет. Ал 1947- жылы 23 өлкөнүн кол коюусу менен бекитилген келишимдин негизинде түзүлүп, 1948-жылы колдонула баштаган. Бул келишимдин негизги себеби импорттук салыктарды азайтуу, эл аралык соода тоскоолдуктарын жоюу жана соодадагы ажырымды токтотуу.

А. Данкел келишимдин негиздөөчүсү катары таанылган. Негиздөөчү болуп саналган 23 өлкө эң алгач 45 миңдик мүлктү бажы тарифинде орток колдонууга чыгарган. Бүткүл Дүйнөлүк Соода Уюму (WTO) (BTO) 1-январь 1995- жыл Улуттар аралык сооданын эң оптималдуу негизи болуп ГАТТтын ордуна негизделген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9