ГМО

Википедия дан
 ГМО - генетикалык-модификацияланган организмдер. Учурда товардын сырткы көрүнүшүн жакшыр­туу максатында дээрлик ар бир мамлекет генетикалык-модификацияланган азыктарды өндүрүп келет. Азыркы учурда ГМО-нун зыяны жок деп эсептелет. 

Азыкта ГМО бар экенин кантип аныктоого болот?

1. Генетикалык-модификацияланган азыктар бузулбайт жана аларга чымын-чиркей, курт-кумурска жолобойт. Эң негизгиси бардыгы бирдей формада жана идеалдуу болот. Ошондуктан базарга барганда сүрөттөгүдөй жылтылдап турган азык­тардан алыс болуңуз.

2. Генетикалык-модификацияланган жашылчаларды, өсүмдүктөрдү кескенде формасын жоготпойт жана шире бөлүп чыгарбайт.

Генетикалык-модификацияланган компоненттерди камтыган азыктарды өндүргөн фирмалар:

Kellogg’s (Келлогс) жүгөрүнүн куурулган түрү жана тез даяр болуучу эртең мененки тамактарды өндүрөт.

Nestle (Нестле) шоколад, кофе менен бирге ымыркайлардын азыктарын өндүрөт.

Unilever (Юнилевер) балдардын азыктарын, майонез жана тамак-ашка куюучу ар кандай суюктуктарды чыгарат.

Heinz Foods (Хайенц Фудс) тамак-ашка куюучу ар кандай суюктуктарды жана кетчуптарды чыгарат.

Hershey’s (Хёршис) шоколад жана алкоголсуз суусундуктарды өндүрөт.

Coca-Cola (Кока-Кола) Кока-Кола, Спрайт жана Фанта суусундуктарын чыгарат.

McDonald’s (Макдональдс) тез арада даяр болуучу тамактануу түйүндөрүн камсыздайт.

Danon (Данон) йогурт, кефир, быштак жана ымыркайлардын азыктарын өндүрөт.

Similac (Симилак) наристелердин азыктарын чыгарат.

Cadbury (Кэдбери) шоколад , какао чыгарат.

Mars (Марс) Марс, Сникерс, Твикс сыяктуу шоколаддарды өндүрөт.

PepsiCo (Пепси-Кола) Пепси, Миринда, Севен-Ап суусундуктарын чыгарат.

Эскертүү: алган азыгыңызда “ГМОсуз” деген жазуу болгонуна карабай курамында:

                      Е-153,                   Е-161c,
                      E-160d,                 E-308-9,
                      E-471,                   E-472a,
                      E-473,                   E-475,
                      E-476b,                 E-477,                  
                      E-479a,                 E-570,                    
                      E-572,                   E-620,
                      E-621,                   E-622,
                      E-633,                   E-624,
                      E-625,                   E-951

белгилери көрсөтүлсө анда ал азык генетикалык-модификацияланган организм болуп эсептелет.

Интернеттеги шилтемелер

http://www.lady.kg/node/331(жеткиликсиз шилтеме)