Габрилович Евгений Иосифович

Википедия дан

Габрилович Евгений Иосифович - [17(29). 9.1899, Воронеж 5.12.1993, Москва] кинодраматург, жазуучу, РСФСРдин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1969), СоциалЭмгек Баатыры (1979). Москва университининюридикалык факультетинде окуган. Адабий ишмердиги 1921-жылдан башталган. 1937-ж. «Акыркы түн» фильмине (өзүнүн «Жоош Бровкин» повести боюнча) сценарий жазган. Гавриловичтин көңүлүнүн борборунда жөнөкөй, эл үчүн өмүрүн аябаган адамдар болгон. «Акыркы түн» фильминен тартып режиссёр Ю. Я. Райзман менен чыгармачылык достугу башталган. «Машенька» (1942, СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1943), «Турмуш сабагы» (1955), «Данте көчөсүндөгү өлтүрүү» (1956), «Кыял» (1943), «Коммунист» (1958), «Акыркы күз» («Ленин тууралуу аңгеме» фильм-новелласы, 1958), «Сенин замандашың» (1968), «Ашыктыгын айтуу» (1978), «Монолог» (1973), «Кечиккен жолугушуу» (1980) жана башка фильмдердин сценарийин жазган. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1943, 1967, 1983). Кино теоретиги катары да таанымал. 1948-жылдан ВГИКте педагог (1962-жылдан профессор). Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]