Гавиан мрамор кени

Википедия дан

Гавиан мрамор кени Баткен облусунун Кадамжай районунда, Айдаркен шаарчасынан 9 км, Гавиан суусунун өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 2226–2530 м бийиктикте. 1972–73-ж. Түштүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Кен аймагы палеозой заманында пайда болгон мрамордон жана мраморлошкон акиташтан түзүлгөн. Пайдалуу катмардын калыңдыгы 80–120 м. Физикалык-механикалык касиеттери: орточо тыгыздыгы 2,60–2,79 г/см3, көзөнөктүүлүгү 0,4–2,7%, суу сиңирүүсү 0,07–0,55%, кургак абалда баскандагы бектигинин чеги 100,3–136,8 МПа, сууга каныккан абалдагысы – 64,1–99,5 МПа, жумшаруу коэффициенти, 0,63–0,73 Мрамор суукка чыдамсыз, өңү ак, боз, кызгылтым, өтө жаракалуу, ошондуктан аны мрамор күкүмчөсү катарында пайдаланууга болот. Запасы В категориясы боюнча 868,2 миң м3, С1 - 1519,8 миң м3, В+С1–2388 миң м3, С2 – 960,8 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]