Гавиан чопо кени

Википедия дан

Гавиан чопо кени Баткен облусунун Кадамжай районунда, Айдаркен шаарынан 2 км түштүк-чыгышта. 1988-ж. Түштүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Кен аймагы төртүнчүлүк мезгилинде пайда болгон, калыңдыгы 3–20 м, саргыч өңдөгү кумайлуу чопо катмарынан түзүлгөн. Чоподон «100» маркадагы кирпич өндүрүү мүмкүндүгү бар экендиги аныкталган. Запасы А категориясы боюнча 240 миң м3, В–447 миң м3, С1–645 миң м3, А+В+С1–1332 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]