Гавр программасы

Википедия дан

Гавр программасыФранциянын Жумушчу партиясынын (1879-ж. негизделген) программасы.

1880-ж. 16— 22-ноябрда Гаврда өткөн съездде кабыл алынган. Аны К. Маркс жана Ф. Энгельстин жардамы менен Ж. Гед жанa П. Лафарг иштеп чыккан. Кириш бөлүгүн К. Маркс жазган. Анда жумушчу табынын саясий партиясын түзүү зарылдыгы, пролетариат ревясынын милдеттери менен максаттары белгиленген. Маркс менен Энгельстин сын пикирине карабастан, Гавр программасына Геддин талабы менен утопиялык жана жарым анархиялык моменттер киргизилген. Ошентсе да Гавр программасынын кабыл алынышы Франциядагы жумушчу кыймылынын өнүгүшүндөгү илгерилөөнү көрсөткөн.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.