Гезит

Википедия дан
Газета‎»‎ барагынан багытталды)

Гезит - (италия тилинде gazzetta майда тыйын) мезгилдүү басма сөздүн учурдагы окуялар жөнүндө маалыматтар жарыяланып туруучу тармагы. Гезит саясий күрөштүн маанилүү куралы, массалык маалымдоо ишмердигинин негизги каражаттарынын бири болуп саналат. Ал басманын расмий органы же өкмөттүк бюллетень дегенди да билдирет.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гезиттин келип чыгышы 16-кылымга таандык. Ошол кезде Венеция шаарында ар түрдүү кабарлар жазылган барактарды «gazzetta» деген майда тыйынга сатып алышкан. Ал шаарда «Газеттино» деген жергиликтүү басылма чыккан. Бул басылма азыр да бар. «Гезит» термини француз Теофраст Ренадо Парижде «Ла газетте» аттуу жумалык басылмасын чыгара баштаган мезгилден кийин кеңири тараган. Бирок гезит 16-кылымдан мурун эле башталган (1631) деген пикирлер да бар. Анын байыркы үлгүлөрүнө Рим императору Юлий Цезардын буйругу менен биздин заманга чейинки 1-кылымда чыгарылган бюллетендер кирет. Ал бети гипс менен жабылган такталардан даярдалган. Ага сенаттын токтомдорунун кыскача мазмуну, Римдеги күндөлүк окуялар жана башка жазылып, алар коомдук жайларда илинип турган. Кийинчерээк папирус жана пергаментти колдоно башташкан. Байыркы Чыгыш гезиттеринде да хандардын буйруктары, ордо жаңылыктары, жарнама маалыматтары илинген. Гезит чыгаруу кагаз ойлонуп табылгандан кийин өнүккөн. Россиядагы алгачкы гезит Пётр 1нин жарлыгы менен 1703-ж. 2-январда «Ведомости» деген ат менен жарык көргөн. Кыргызстанда кыргыз тилиндеги биринчи гезит 1924-ж. 7-ноябрда «Эркинстититутоо» аталышында араб ариби менен Ташкент шаарында жарыкка чыккан. Учурда респда 200дөн ашык гезит чыгат (мисалы, «Кыргыз Туусу», «Эркин-Тоо», «Агым», «Кыргыз руху», «Вечерний Бишкек», «Слово Кыргызстана» жана башка). Багыты, саясий көз карашы, мазмуну боюнча шарттуу түрдө: расмий жана эркин; ээлик кылуусуна жараша мамлекеттик (өкмөттүк), партиялык, коомдук, менчик, биргелешкен; чыгуу мезгилине карата күнсайын чыгуучу жана апталык; аймактык белгиси боюнча борбордук (республика), облусу, шаардык, райондук, ведомстволук болуп бөлүнөт. Басма маалыматынын бул түрүн радиоуктуруу, телекөрсөтүү программаларынан айырмаланткан атрибуттук өзгөчөлүгү анын жаңылыктарды кагаз басылмасы түрүндө бергендиги. Гезитте журналистикада кезигүүчү бардык жанрлар жана формалар кеңири колдонулуп, өзгөчө тез таркатылуучу маалымат менен публицистикага арбын орун берилет. Гезиттин эмгек коллективи редактор башында турган редколлегиядан, бөлүмдүн редакторлорунан (бөлүм башчыларынан, түрдүү маселелерге кесиптеш адабий кызматкерлерден, репортёр, баяндамачы, очеркист, фельетончу, фотожурналист, корректор жана башка) түзүлөт. Мындан тышкары, ири Гезиттердин өлкөнүн ичинде жана чет мамлекеттерде иштей турган өз кабарчылары, ошондой эле штаттан тышкаркы кабарчылары да болушу мүмкүн. Гезиттер тийиштүү (андан ичкери тез берилүүчү) кабарларды өзүнүн кызматкерлеринен, басма сөз маалымат агентчиликтеринен, ошондой эле телефон, телефакс, электрондук почта, интернет аркылуу алып турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]