Газиантеп

Газиантеп - Түркиянын Түштүк-чыгышындагы шаар. Газиантеп илинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 1,1 млн (2006). Евфрат дарыясынын өрөөнүндө жайгашкан. Темиржол бекети. Эл-аралык аэропорту бар. Шаар биздин заманга чейинки 4-миң жылдыктан белгилүү. Ассириянын, Рим империясынын, Византиянын, Араб халифатынын, Селжуктар өлкөсүнүн, 1516-жылдан Осмон империясынын курамында болгон. 1919-ж. англичандар басып алган. 1920-ж. француздарга өтүп, 1922-ж. Түркияга кайтарылып берилген. Византия чеби (6-к.), мечиттер (11-, 16-к.), университет (1987), музейлер (археологиялык, этнографиялык, Зеугма мозаикалары)бар. Газиантеп чарбалуу аймактын (мисте, дан өсүмдүктөрү, тамеки, гозо, жүзүм өстүрүү) борбору. Мал чарбасы өнүккөн. Металлургия, текстиль, булгаары-буткийим, тамак-аш, жыгаччылык, самын кайнатуучу, цемент, машина куруу өнөр жай ишканалары иштейт. Кустардык колөнөрчүлүгү (жез, бермет, алтын менен күмүштөн буюмдар, салттуу бут кийим, жүк жабуу) өнүккөн. Газиантепден 60 кмТүндүк-чыгышта тоонун бетине ассириялык падыша Салмансар IIIнүн таштын бетине түшүрүлгөн элеси, 50 км батышта Сакча-Гөзү археологиялык зонасы (неолит доорунун дубалдары менен мунараларынын калдыктары) сакталган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4
![]() | ||
---|---|---|
Борбор | Анкара | ![]() |
Шаарлары | Агры • Адана • Адапазары • Адыяман • Айдын • Аксарай • Аланья • Алашехир • Амасья • Анкара • Антакья • Анталья • Ардахан • Артвин • Афьонкарахисар • Байбурт • Балыкесир • Бартын • Батман • Бергама • Биледжик • Бингёль • Битлис • Бодрум • Болу • Бурдур • Бурса • Ван • Газиантеп • Гелиболу • Гиресун • Гюмюшхане • Денизли • ейхан • Диярбакыр • Юзже • Зонгулдак • Измир • Измит • Изник • Искендерун • Йозгат • Кайсери • Карабюк • Караман • Карс • Кастамону • Кахраманмараш • Кемер • Килис • Конья • Кушадасы • Кыркларели • Кыршехир • Кырыккале • Кютахья • Малатья • Манавгат • Маниса • Мардин • Мармарис • Махмутлар • Мерсин • Мугла • Муш • Невшехир • Нигде • Орду • Османие • Ризе • Самсун • Сивас • Сиирт • Синоп • Стамбул • Тарсус • Текирдаг • Токат • Трабзон • Тунжели • Ушак • Фетхие • Хаккяри • Чанаккале • Чанкыры • Чорум • Шанлыурфа • Ширнак • Ыгдыр • Ыспарта • Эдирне • Элязыг • Эрегли • Эрзинжан • Эрзурум • Эскишехир • Ялова |