Газ горелкасы

Википедия дан

Газ горелкасы— абаны (кычкылтекти) газ түрүндөгү аралашмага аралаштырып, аны күйдүрүү үчүн үзгүлтүксүз жиберип туруучу түзүлүш.

Газ горелкасы колдонулуш түрүнө жана түзүлүшүнө жараша диффузнялык, инжекциялык, эки өткөргүчтүү, айкалыштырылган жана газ турбиналуу бо­луп бөлүнөт. Диффузиялык горелкада газ менен аба күйүү камерасында аралаштырылат. Инжекция­лык горелкада күйгүзүү үчүн керектелүүчү аба газдын агымынан сордурулуп алынып, алар горелканын корпусунун ичинде аралаштырылат. Эки өткөргүчтүү горелкада аба желденткич аркылуу берилет. Газ отундарынын бир түрдөн экинчисине өтүшү жана ар түрдүү отунду бирге күйгүзүү үчүн айкалыштырылган горелка колдонулат. Мында газмавуттуу жана чаң-газдуу отун пайдаланылат. Газ турбиналуу горел­када күйүүчү газ турбина менен кыймылга келтириле турган желденткич менен сордурулуп берилет. Газ горелкасы эл чарбасынын бардык тармактарында кол­донулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.