Газ каротажы

Википедия дан

Газ каротажы — бургулоо ылайынан (атайы чопо менен суунун аралашмасы) газ жана женил суюк абалын­дагы углеводороддорду аныктоо жолу менен нефть жана газ кендерин табуу методу.

Бул метод 1-жолу 1933-ж. СССРде иштелип чыккан. Бургулоо учурунда нефть же газ катмарлары жолукса, андагы углеводороддор бур­гулоо ылайына аралашып, сыртка чыгат. Ылайдан алынган газ анализделип, анын жыйынтыгы б-ча углеводороддордун составы жана көлөмү кайсы тереңдикте кандайча өзгөргөндүгү көрсөтүлгөн диаграммага түшүрүлгөндөн кийин, нефть жана газы бар катмарларды аныктоого болот.

Кээде Газ каротажы бургулоодон чыккан тектер (керн) боюнча да жүргүзүлөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.