Газ очогу

Википедия дан

Газ очогу - газ түрүндөгү отундардын күйдүрүп, жылуулук энергиясын пайдаланууга ылайыкталган түзүлүш.

Ал очок камерасы менен экранынан жана газ күйгүчтөн турат. Очок каме­расы — капталы отко чыдамдуу тик бурчтуу мейкиндик. Мында газ менен абанын аралашмасы жалындап күйөт. Очок экраны — очок камерасынын капталдарына жайгаштырылган суу менен муздатылуучу түтүктөр. Алар жылуулукту кабыл адат жанa камера капталын жог. температуранын бузуусунан сактайт. Газ күйгүч газын абаны аралаштырып жанa аны очок камерасына берип турат.

Газ очогунун артыкчылыгы — үнөмдүү, колдонууга жөнөкөй.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.