Газ разряддуу жарык булагы

Википедия дан

Газ разряддуу жарык булагы — буу абалындагы газжана башка заттар (мисалы, сымап же галогендер) аркылуу электр тогу өткөндө электр энергиясын оптикалык нурланууга айлантуучу прибор. Ал айнектен, керамикадан же металлдан (тунук терезелүү), ичине электрод киргизилип, цилиндр, сфера же башка формада жасалат. Газ разряддуу жарык булагына люминесценттик чырак, сымап чырагы, газ разрядуу ксенон чырагы, импульстук чырактар жана башка кирет. Булар жарык булагы катары кинопроекцияда, нурландыруучу курулмада, жарык сигнал бергичтерде жана башкаколдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]