Газ толтурулган пластиктер

Википедия дан

Газ толтурулган пластиктер — көңдөй пайда кылуучу заттардын жардамы же башка ыкмалар менен көптүрүлгөн полимердик материалдар (толтургучу газ). Шарттуу түрдө пенопласт (туюк көңдөй) жана поропласт (ачык көңдөй) болуп бөлүнөт. Серпилгичтик мүнөздөмөсү боюнча катуу, анча катуу эмес жана ийилгич болот. Газ толтурулган пластиктер ар кандай полимерден түрдүү ыкма менен алынат: 1) көбүктү механикалык түрдө чайкап туруп катыруу аркылуу; 2) алдынала ысытканда полимерге киргизилген көңдөйлөгүчтүн ажыроосунан; 3) полимерде жүрүүчү реакциядан бөлүнүп чыккан газ түрүндөгү продукциялардан. Газ толтурулган пластиктердин өзгөчө түрү синтактикалык көбүктөр. Булардын тыгыздыгы төмөн жана жылуулук, үн, электр өткөрбөгүчтүгү менен айырмаланат. Газ толтурулган пластиктер көп катмарлуу конструкцияларда толтургуч катары, муздаткыч курулманын жылуулук өткөрбөстүгүн жана электр кабелдеринин изоляциясын камсыз кылууда, калкыма каражаттарды жасоодо, газ менен суюктук үчүн чыпка жана амортизациялык материал (мисалы, мебель жасоодо) катары колдонулат. Полиуретан, полистирол жана поливинилхлориддин негизинде жасалган газ толтурулган пластиктер кеңири пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]