Газ өндүрүү

Википедия дан

Газ өндүрүү жасалма газды алуу жанатабигый газды жер астынан чыгаруу процесси. Күйүүчү жасалма газнегизиненчексиз углеводороддон турат да, катуу жана суюк отундарды жылуулук аркылуу ажыратуунун натыйжасында алынат. Аларга катуу отунду кокска айландыруудагы кокс газы, отунду газдаштыруудан алынган генератор газы, нефтини же нефть продуктуларын иштетүүдөн алынуучу нефть газы, чоюнду эритүүдө пайда болуучу домна газы кирет. Жер астында катуу отунду газдаштыруу аркылуу да жасалма газды алууга болот. Табигый газ күйүүчү жылуулугу 7800 ккал/м3 болгон өтө үнөмдүү отун катары жылуулук электр станцияларында, кара жана түстүү металлургпяда, хпмпя, цемент, айнек жана курулуш өнөржайларында жана турмуш тиричиликтекеңири пайдаланылат. Газды өндүрүп алуу ар түрдүү механизмдер жана аппараттар менен жабдылган газ промыселине жүктөлөт. Өнөржайлык деңгээлде өндүрүлүүчү газ таза газ, газ-нефть жана газ-конденсат аралашмасы түрүндө алынат. Газды өнөржайлык өндүрүү үч этапта жүргүзүлөт. Биринчи этапта тажрыйбалык-өнөржайлык пайдалануу иши жүргүзүлүп, анда газ табылган жердпн мүнөздөмөлөрү (катмардын каспетп, газдын запасы, көзөнөк өндүрүмдүүлүгү) такталат.Экинчи этап үч мезгплден турат: 1) бургулоо көзөнөкчөлөрү тешилип, алар атайы жабдуулар менен жабдылып, газды алууну ылдамдатуу иштери жүргүзүлүп, жалпы запастын 10-20% сордуруп алынат; 2) бара-бара газдын запасынын 55-60% алынат; 3) газды алуу азая баштап, бардык запастын 90%ке чейинкиси сордурулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]