Гайлардия

Википедия дан
Gaillardia pulchella.

Гайлардия (лат. Gaillardia Foug) - татаал гүлдүүлөр тукумундагы бир жанa көп жылдык өсүмдүк.

Анын 20 түрү белгилүү. Түн. ж-a Түш. Америкада көп. Гүл катары бир жылдык кооз Гайлардия өстүрүлөт. Гайлардия бийиктиги, гүл формасы жанa түсү боюнча сортторго бөлүнөт. Уругу, көчөтү аркылуу көбөйөт. Уругу март—апрелде себилип, кө­чөтү июндун башында олтургузулат. Көп жылдык Гайлардиянын гүлү чоң, ал гибриддештирүүдөн алынган. Эки жылдыгы жапырт гүлдөйт. Күнөстө жана нымдуу топуракта жакшы өсөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.