Гай Ричи

Википедия дан

Гай Стюарт Ричи (англ. Guy Ritchie;1968-жылы 10-сентябрда туулган) - криминалдык тасмаларды тарткан англиялык белгилүү кино режиссер. Ал орто мектепти таштап, 1990-жылдардын ортосунда кино тармагына ар түрдүү майда жумуштарда иштеп жүргөн. Г. Ричи акыры жүрүп режиссердук курсту бүткөн. Ал 1995-жылы биринчи жолу "Карта, акча жана эки мылтык" (англ. Lock, Stock and Two Smoking Barrels, 1998) деген 20 мүнөттүк кыска метраждуу криминалдык комедияны тартып, инвесторлордун кызыгуусун арттырган. 2000-жылы "Чоң олжо" (англ. Snatch) деген криминалдык комедияга режиссер болгон. Режиссердун кийинки "Адашкандар" (англ. Swept Away, 2002) жана "Револьвер" (англ. Revolver, 2005) тасмалары каржылык жактан киреше алып келген эмес жана көрүүчүлөрдүн дагы купулуна өтө толо бербеген.

Г. Ричинин "Рок-н-ролчу" (англ. RockNRolla, 2008) криминалдык драмасы ар кандай сын-пикирлерге ээ болгон жана бир аз болсо дагы киреше алып келген. 2009-жылы кинорежиссер мистикалык экшн жанрында биринчи жолу "Шерлок Холмс" (англ. Sherlock Holmes) детективдүу боевик тасмасын жана анын "Шерлок Холмс: Көлөкөлөр оюну" (англ. Sherlock Holmes: A Game of Shadows, 2011) деген уландысын тарткан. Эки тасма тең прокатта кирешелүү болуп, мактоолорго, ар кандай ой-пикирлерге арзыган. Г. Ричинин акыркы "Артур падышанын кылычы" (англ. King Arthur: Legend of the Sword) тасмасынын бет ачары 2017-жылдын 8-майында Лос-Анджелестеги Голливуд буьварында жайгашкан Грауман кытай театрында болуп өткөн

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]