Галатея күлүгү

Википедия дан

Галатея күлүгү (Cephalota galatea), (Thieme, 1881) - Биотоптордун бузулушунун натыйжасында ареалы жана саны кыскарып, айрым бир жерлерге таандык анча чоң эмес бириндеген чачыранды популяциялардан турат. Түр зоогеографиялык жана генофондду сактап калуу аспектилери боюнча илимий мааниге ээ, энтомофаг, эстетикалык мааниси бар, түркүмдүн Республикадагы жападан жалгыз өкүлү. Өзбекстандын Кызыл китебине киргизилген (категория VU r D 2) .

Түрдүн жетилген стадиясынын сырткы түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Узундугу 17–20 мм күлүк-коңуздарга мүнөздүү сырткы көрүнүшкө ээ. Денеси жылтырак, көк-жашыл түстөн кочкул-көк түскө чейин. Башы чоң жана издүү, көздөрү томпок. Үстүнкү эрини чоң, ак түстө. Муруттары ичке, узундугу үстүнкү канаттарынын ортосуна дейре жетет. Алдынкы аркасы жүрөк сымал арт жагынан ичкерген. Үстүнкү канаттарынын четтери ийининен чокусуна чейин 3–4 жазы тегерек чуңкурчалуу ак тилке менен жээктелген. Денесинин ич жагы жана буттары түкчөлөр менен капталган. Денесинин үстү алдынкы арканын бурчтарында жабышкан сейрек түкчөлөр капталган жерлерин албаганда жылаңач. Жыныстык диморфизм анча байкалбайт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фергана өрөөнүнүн батыш тарабын курчап турган Алай, Чаткал, Курама тоо кыркаларынын эндемиги (Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан) . Кыргызстанда акыркы мезгилдерде Гавасай жана Сумсар өзөндөрүнүн ортосунда бирин-серин табылгандыгы белгиленген .

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Деңиз деңгээлинен 400–1100 м бийиктик алкактарындагы жапыз тоолордун, туздуу чопо топурактуу кургак, ачык биотоптору .

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ээлеген аянты жана саны боюнча анча чоң эмес анда-санда учуроочу колониялары кездешет. Колониялардын саны үзгүлтүксүз кыскарууда, кай-бирлери жоголуп да кеткен (Фергана өрөөнүнүн түштүк жагында, өткөн кылымдын 40-жылдарында ). ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Жетишерлик изилденген эмес. Жылына бир муун берет . Коңуздардын учуусу жайдын алды менен башталат. Түрдүн фенологиясы жылдын климаттык өзгөчөлүгүнө көзкаранды болот окшойт . Личинкалары белгисиз, имагосу жырткыч, майда курт-кумурскалар менен тамактанат. Чектөөчү факторлор. Жерлерди өздөштүрүү (айдоо, сугаруу) жана пестициддерди пайдалануу . Түрдүн колониялардагы санынын туруксуздугуна, азайышына алып келүүчү кошумча фактор катары коллекционерлердин иши эсептелиши мүмкүн. Галатея күлүгү биотоптору окшош жерлерде бөлөк күлүк коңуздар менен атаандаша албайт окшойт. Табигый душмандары жана оорулары изилденген эмес.

Көбөйтүү (колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдо асыроо жүргүзүлгөн эмес.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы убакта Кыргызстанда корголбойт.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колониялары белгилүү болгон жерлерге жетишерлик аянтка (10–20 га) кичи коруктарды уюштуруп, ал жерлер пайдаланууга тыюу салынышы абзел. Коллекционерлерге катуу талап менен уруксат (лицензия) берүү максатка ылайык.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

I категория (EN B1ab(iv)+2ab(iii,iv)). Ареалы тар эндемикалык түр.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]