Гален

Википедия дан

Гален (грек. Γαληνός; болжол менен 130 – 200 же 210) – грек философу, античтик дарыгер. Рим императору Марк Аврелийдин ж-а Луций Вердин, кийинчерээк Коммоддун өз дарыгери.

Дарылоонун жалпы маңызы жөнүндө жазган ж-а көп кылымдар бою медицинанын алкагында авторитет катары каралган. Мындан тышкары философияга да кызыккан, анткени анык врач философ болушу керек деп эсептеген; анын кумирлери Гиппократ, Платон, Аристотель болушкан. Сезүү органдарынан тышкары таанып билүүнүн ж-а чындыктын булагы болуп акыл-эс эсептелет. Гален перипатетиктердин окуусу м-н стоиктердин окуусун байланыштырган. Анын атынан аталган төртүнчү (галендин) силлогизмдин фигурасы, ошондой эле темпераменттердин төрт типтери жөнүндө окуусу ага өзгөчө атак-даңк алып келген. Галендин пикири б-ча, адамдын темпераментинин негизинде дененин төрт суюктугу жатат (кан, былжыр, сары ж-а кара өт), ошого ылайык сангвиник, флегматик, холерик, меланхолик темпераменттери бар.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Л. В. Блинников. Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8