Галсанов, Цэдэн

Википедия дан

Галсанов, Цэдэн (Цыденжап) Галсанович [10(23). 2. 1917-ж. т. - 1992]—бу­рят совет акыны.

1962-жылдан КПСС мүчөсү. Ырлары 1931-жылдан жарыялана баштайт. Галсанов — «Төрт күн жана үч түн» (1939), «Чуд көлүндөгү жаңырык» (1943), «Павел Балтахинов» (1945), «Беш жылдык жөнүндө поэ­ма» (1947), «Менин шайыр досторум» (1962) поэмаларынын, «Байкал толкундары» (1940), «Советтик күн» (1951), «Виз жашпыз» (1959) ж. б. ыр жыйнактарынын автору. Анын чыгармалары достук, совет элинин биримдиги, эмгектеги эрдигине арналган. «Ардак Белгиси» ордени жанa медалдар менен сыйланган.,

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.