Галуян нефрит кени

Википедия дан

Галуян нефрит кени Баткен облусунун Кадамжай районунда, Айдаркен шаарчасынан 15 км түштүктө, Алай кырка тоосундагы Галуян коктусунун баш жагында. 1982-ж. табылган. Кен аймагында негизинен девон мезгилинде пайда болгон чөкмө тоотектер жатат. Аларды Алай кырка тоосунун кырында гранит интрузиялары жиреп чыккан . Кен ири кесекчелүү мөңгү чөгүндүсүнүн (моренанын) арасында нефрит сымал тоотектин чоң төөташтары түрүндө. Мында нефрит сымал тоотек акиташ тегинин гранит интрузиясынын чегинде скарндашуусунан пайда болгон. Нефрит күңүрт жашыл түстө, чатышкан тарам түзүлүштө. Таштан кооз жана асем буюмдарды жасоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]