Гальванизация

Википедия дан

Гальванизация — кубаты азыраак туруктуу токтун таасири мене дарылоо методу.

Гальванизация методуна, өлчөмүнө жараша ткандардын функциясын жогорулатат же төмөндөтөт, оорунун басаңдатат, четки кан айланууну жакшыртат жанa бузулган ткандарды, нервди калыбына келтирет.

Гальванизация үчүн ток атайын аппарат-ан өткөргүч же пластина электроду аркылуу ооруган жерге жиберилет. Дене менен металл пластинканын ортосуна күйгүзүүдөн сактоочу атайын пластмасса же фланель коюлат. Ток керектүү өлчөмгө чейин акырындык менен көбөйтүлөт. Гальванизация электроддун көлөмүнө, сыркоолуунун абалына, жашына жараша оору же ачышуу сезилбегендей кылып берилүүгө тийиш. Дарылоо бүткөндө ток акырындык менен азайтылып, өчүрүлөт. Гальванизация четки нерв системасынын түрдүү бөлүктөрүнүн оорусунда (куяң, неврит, невралгия), мээ, анын кабыкчасы жана жүлүн ооруларында, муундун өнөкөт сезгенүүлөрүндө колдонулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.