Мазмунга өтүү

Ганновер

Википедия — ачык энциклопедия
Төмөнкү Саксониянын борбору
Ганновер
Желек Герб
Желек Герб
Төмөнкү Саксония жеринин борборуГермания
ОблусТөмөнкү Саксония
Координаттар52°22′ с. ш. 9°44′ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү13 административдик район
МэрБелит Онай
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1150-жыл
Климатынын түрүОкеан климаты
Убакыт аралыгыUTC+1, жайында UTC+2
Калкы
Расмий тилинемис тили
Калкы544,048 адам
Улуттук курамынемистер 85%
Диний курамыПротестанттар 60%, католиктер 15%, башка 25%
ЭтнохоронимГанновердиктер
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+49 511
Почта индекстери30159–30659
Автоунаа кодуH
Сайтыhttps://www.hannover.de
Ганновер (Германия)

Ганновер - (Hannover) Германиянын түндүгүндөгү шаар. Төмөнкү Саксония жеринин (административдик аймактык бирдик) административдик борбору (1946-жылдан) жана ири шаары. Калкы 514,0 миң (2006; агломерациясында 1,1 млн). Тогуз жолдун тоому. Ганновер аркылуу Москва Варшава Берлин Кёльн Париж трансъевропа темир жол магистралы, Бремен, Франкфурт-на-Майне жана Рур индустрия аймагындагы шаарларга автострада жана Ганновер-Вюрцбург жогорку ылдамдыктагы темир жолу өтөт. Лайн дарыясындагыжана Орто Герман каналындагы порт. Эл-аралык аэропорту бар. Машина куруу (транспорттук, айылчарба, электр-техникалык), түстүү металлургия, резина, тамак-аш, жеңил өнөр жай ишканалары иштейт. Меторополитен. Университет , институттар, музыка жана театр академиясы, опера театры, Кестнер жана Төмөнкү Саксония жеринин музейлери бар. Ганноверде жыл сайын өнөр жай ярмаркасы өткөрүлүп турат. 12-кылымдынбашынан белгилүү. 1241-жылдан шаар. Герцогдордун, курфюрсттердин (1692-жылдан), Ганновер королдорунун (1815-жылдан 1866-ж. чейин) резиденциясы. Чиркөөлөрү (14-к.), эски ратуша (1438жана 1454-55-ж. чамасы) сакталган. Шаардын аймагында Айленриде ири токой массиви, «Чоң бакча» (1666) жасалма көлү уюштурулган. Ганноверге жакын нефть жана калий тузу казылып алынат. Шаардын жаңы бөлүгүндөгү чиркөөгө белгилүү философ Г. В. Лейбництин сөөгү коюлган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]