Гановский, Савва Цолович

Википедия дан

Гановски Савва Цолов (псевд. Трудин) (1897-ж. т.) – болгар философ-марксисти, педагог, коомдук ишмер, Болгариянын ИАнын академиги (1952). 1918-ж. БКПнын мүчөсү.

1971-жылдан СССР ИАнын чет мамлекеттик мүчөсү. Болгариядагы антифашисттик ж-а партизандык кыймылдын катышуучусу (1944). 1944- ж. 9-сентябрынан кийин маданият ж-а илим тармактарында иштеген. 1957-жылдан БКП БКнын мүчөсү. Г. философиянын тарыхы, диалектикалык ж-а тарыхый материализм, социалисттик маданияттын теориясы, коммунисттик тарбия берүү багытында жазылган эмгектери м-н белгилүү. 20-к-дын 20-жылдарында эле Г. Лениндин философиялык идеяларын кеңири жайылтып, марксисттик философиянын өнүгүшүндөгү Лениндик этаптын ролун ачып көрсөтүп, ар түрдүү буржуазиялык философиянын агымдарын сындаган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Л. В. Блинников. Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8