Ган Пётр Алексеевич
Көрүнүш
Ган Пётр Алексеевич - [1916, Крым, Алупка 1991, Фрунзе (азыркы Бишкек)] биология илимдер доктору (1966), профессор (1968). КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1990). Красноярский токой-техникалык институтун бүтүргөн (1941). Өзгөн токой чарбасында директор, Кыргыз ССР ИАнын Биология институтунда директордун орунбасары, токой бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Токой чарбасы боюнча адис. 70тен ашык илимий эмгеги, андан ичкери 4 монографиясы жарык көргөн. Эмгектери: Опыт горного лесоразведения, интродукция в поясе еловых лесов Прииссыккулья. Фрунзе, 1957; Леса Киргизии//Леса СССР. М., 1970.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4