Гапашин Александр Сергеевич
Көрүнүш
Гапашин Александр Сергеевич - (9.3.1904, Ташкен 26.12.1954, Фрунзе) геолог, СССР мамлекеттик сыйлыгы лауреаты (1953). Орто Азия политехника институтунун геологиялык-чалгындоо факультетин бүтүргөн (1931). Кыргыз ССР геологиялык башкармалыгында бөлүм жана геологиялык - чалгындоо партиясынын башчысы (1938-54). Урандын Кыргызстандагы ири кендеринин бирин чалгындоо жумуштарына активдүү катышкан жана ага жетекчилик кылган. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|