Гареев Муса Гайсинович

Википедия дан

Гареев, Муса Гайсинович (1922-ж. т., Башкырт АССРи, Илякшиды кыш. - 17 сентябрь 1987, Уфа) — Эки жолу Советтер Союзунун Баатыры (23. 2. ж-а 19. 4. 1945), полков­ник. 1944-жылдан КПСС мүчөсү. Дыйкан үй-бүлөсүнөн. 1940-жылдан Сов. Армияда. Аскер-авиац. окуу жайды бүткөн (1942).

Улуу Ата Мек. согушта учкучтан эскадрильянын командирине чейин жеткен. 250 жолу согуштук учуу жасаган. Согуштан кийин командирлик кызматтарда. Фрунзе атн. аскер академияны (1951), Генштабдын аскер академиясын (1959) бүткөн.

СССР Жог. Советине (2-4- шайл.) депутат. Ордендер жана медалдар менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.