Гарсия Мануэль дель Пополо Висенте Родригес

Википедия дан

Гарсия Мануэль дель Пополо Висенте Родригес ― (22.1.1775, Севилья- 10.6.1832, Париж) испан опера артисти (тенор), композитор жана педагог. Гарсия белгилүү артисттер: Гарсиянын, М. Малибран, П. Виардо атасы. 6 жашынан Севильяда чиркөө хорунда ырдаган. 1798-ж. Мадрид театр труппасында франц. күлкүлүү операларында тенор партияларын аткарган. Париждеги «Театр Итальенде» ырдаган, биринчи тенору болгон. 1818-жылдан Лондон театрларында ырдаган жана ыр мектебин негиздеген. Ырчы балдары менен АКШда гастролдо болгон. Гарсиянын репертуары өз мезгилиндеги тенор партияларынан турган: Дон Оттавио, Дон Базилио (Моцарт, «Дон Жуан», «Фигаронун үйлөнүшү»), Ахилл (Глюк, «Ифигения Авлидеде»), Норфолк (Россини, «Елизавета Англиянын королевасы») жана башка Гарсия «Туткун», «Багдад калифи», «Үйлөнүүнүн эки жагы», «Анткор кызматчы», «Диана жана Эндимон», «Абуфар» жана башка көптөгөн опералардын автору жана коюучусу. 1828-жылдан Парижде жашап, өзү негиздеген ыр мектебинде вокалдык искусстводон сабак берген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]