Гаспарян

Википедия дан

Гаспарян (кыз кезинде — Xачатрян) Гоар Микаэловна (14. 12. 1924- ж. т.) — армян совет ырчысы (сопра­но), СССР эл арт.

(1956). Муз. билимди Каирдон алган. 1948-ж. СССРге келген. 1949-жылдан Армян опера ж-a балет театрында солист.

Аткарган негизги партиялары: Ануш, Шушан (Тигранян, «Ануш» жанa «Давид- бек»), Лакме (Делиб, «Лакме»), Вио­летта, Дездемона (Верди, «Травиата» ж-a «Отелло») ж. б. Степаняндын «Каарманында» Гоардын ролун аткарганы үчүн Гаспарянга СССР мамл. сыйлыгы (1951) берилген.

Ал концерттик ырчы катары да таанымал. СССР Жог. Советине (7—8-шайл.) депутат. Армян ССР мамл. сыйл. лауреаты (1964).


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.