Гастроль

Википедия дан

Гастроль (пом. Gast — мейман, Rolle — роль) — артисттин же коллективдин туруктуу иштеген жеринен башка районго, шаарга, областка, өлкөлөргө барып оюн көрсөтүшү.

18-кылымда, айрыкча 19-кылымдын 2-жарымынан белгилүү актёрлор жекече Гастроль менн чыгышкан. Артисттер тобунун оюнга керектүү жасалгалар менен кошо Гастрольго чыгышы 19-кылымдын аяк ченинен башталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.