Гедройц, Константин Каэтанович

Википедия дан

Гедройц, Константин Каэтанович [25. 3(6. 4). 1872—5. 10. 1932] — сов. агрохимик жана топурак таануу илимпозу.

СССР ИАнын акад. (1929). 1898-ж. Петербург токой институтун, 1903-ж. Петербург университетинин физ.-матем. факультетинин табигый илимдер бөлүмүн бөтөргөн.

191828-ж. СССР ИАнын Топурак таануу ин-тунда ил. кызматкер, 192830-ж. анын туңгуч директору, 191830-ж. Петрограддагы (Ленинграддагы) Токой ин-тунда проф. 1927-жылдан Топурак таануучулардын эл аралык ассоциациясынын президенти.

1930-жылдан Москванын жанындагы Долгопруд тажрыйба талаасынын агрохим. лабор-ясына жетекчилик кылган. Гедройц топуракты талдоонун эски ыкмаларын калыптандырып, жаңыларын иштеп чыккан, то­пурак таануу илимине эксперименттөө методун киргизген.

Ага 1927-ж. В. И. Ленин атн. сыйлык ыйгарылган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.