Гексаметилентетрамин

Википедия дан

Гексаметилентетрамин гек­самин, уротропин — таттуу гамы бар түссүз кристалл. Сууда. күкүрттүү көмүртекте жакшы, спиртте, хлороформдо начар эрийт. Гексаметилентетрамин аммиакты формальдегид менен конденсациялоодон алынат. 4NH3-f6CH_-0 — ^(CH2)6N4-)-6H20. Бул реакция канталанма болгондуктан формальдегидди алуунун да булагы. Андан башка Гексаметилентетрамин жарылгыч заттарды алууда, аналит. химияда, түтүнсүз күйүүчү зат катары пайдаланылат.

Гексаметилентетрамин — антисептиктерге кирген дары зат; күкүм, таблетка жанa эритме түрүндө колдонот. Гексаметилентетраминди биринчи жолу А. М. Бутле­ров синтездеген (1860). Жугуштуу ооруларды дарылоо үчүн венага куюлат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.